super.kg logo

АКШда өткөн “Эл аралык мурас” фестивалында Кыргызстан даңазаланды

 
“Kyrgyz Club” бирикмесинин негиздөөчүсү Айбек Хакимов жаш балдар менен баарлашууда
Кыргызстандык мекендешибиз египеттик туристтер менен бирге эстеликке сүрөткө түштү
Кыргызстанды Америкага тааныштырган мекендештерибиз
Америкалыктар Кыргызстандын жаратылышы тартылган календарды кызыгуу менен көрүшүүдө
Фестивалдан бир учур
Фестивалдын жүрүшүндө кийизден жасалган буюмдар көргөзмөгө коюлду
Улуттук кийим кийген мекендешибиз Кыргызстан тууралуу маалымат берүүдө
Фестивалдан бир учур
Улуттук кийим кийген кыргыз кыздары календарларды таратышты
АКШнын Нью-Жерси штатында өткөн “Эл аралык мурас” фестивалында Кыргызстан тууралуу кеңири маалымат таратылды. Бул тууралуу “Kyrgyz Club” бирикмеси билдирди. Фестиваль 8-июнда америкалыктарды ар кайсы мамлекеттердин маданий мурастары менен тааныштыруу максатында уюштурулган. Иш-чарага 50 мамлекет катышып, 8 миңден ашуун көрүүчүлөр келген. Келген көрүүчүлөргө Кыргызстанды “Kyrgyz Club” бирикмеси тааныштырып, анда улуттук кийим кийинген кыргыз кыздары Кыргызстандын жаратылышы чагылдырылган календарларды таратышты. Ошондой эле Кыргызстан тууралуу кыскача тасма көрсөтүлүп, кийизден жасалган буюмдар көргөзмөгө коюлду.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: