super.kg logo

Каныбек Иманалиев: "Соттордун иш аракети боюнча президент өз сөзүн айтты, эми биз, депутаттар айтпасак чыккынчылык болот"

 

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев соттор боюнча мыйзамдын аткарылышы боюнча парламентте маалымат угууну демилге кылды. Эл өкүлү Коопсуздук кеңешиндеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун укук коргоо жана сот органдары коррупциялашып кеткенине карата айтылган сындарын негиз келтирди.

"Соттор мамлекеттүүлүккө шек келтирип жатат. Мыйзамдардын аткарылбагандыгы бул көз карандысыздыктын азайганына байланыштуу. Кээ бир соттор ойлоп жатса керек, "биз 5-6 оппозиционерди отургуздук, 4-5 журналистке олчойтуп айып салдык" деп. Жок, соттор мамлекеттүүлүктүн түпкү тамырына доо кетирип жатат. Эмне үчүн жаштар экстремисттик диний топторго өтүп кетип жатат? Эмне үчүн алар кээ бир криминалдык төбөлдөрдүн сүрөтүн үйүнө илип жатат? Себеби алар мамлекетке ишенбей жатат. Мамлекеттин ишеничи соттордун адилеттүүлүгүнө байланыштуу.

Акыркы 2 жылдагы соттордун чечимдеринин баары саясий, укуктук эмес мыйзам бузганын президент кашкайта айтты. Сотту эки эле орган түзөт. Президент жана Жогорку Кеңеш. Өлкө башчысы өз сөзүн айтты, эми биз айтпасак чыккынчылыкка тете. Себеби биздин көз алдыбызда мамлекеттүүлүк азайып, анын тамырына доо кетип жатат. Ошондуктан жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Сот жөнүндө мыйзамдын аткарылышы боюнча өз ойлорубузду айтышыбыз керек", - деди Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
14.02.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эң туура адилетсиз көз каранды сотторду соттош керек.....
14.02.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Президентти силер да колдогула урматтуу депутаттар. Силерде эбегейсиз күч бар. Жалгыз Жээнбеков баарына жетишпейт. Эң башкысы өлкө башчысы соттордун ишине кыпындай да кийлишпей турганын тастыктады. Давай иштегиле силер да.
14.02.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр ысыгында чапкыла бир айдан кийин кеч болуп калат.Каралардан,соодагерлерден куралган ЖК айтканга эрктери жетбесе керек баардыгынын арты таза эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: