super.kg logo

Наталья Никитенко: "Аида Саляновага чечим чыгарган сот Жогорку Соттун төрагалыгына көрсөтүлүп жатат"

 

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко Аида Саляновага чечим чыгарган сот Ирина Воронцова Жогорку Соттун төрагалыгына көрсөтүлүп жатканын айтты. Депутат өлкөдөгү сот системиндеги маселени ортого салды.

"Акыркы убакта мен сот процесстери кандай жүрүп жатканына күбө болдум. Текебаевдин, Салянованын, Шыкмаматовдун сотунда адам укуктары, мыйзамдар кандай бузулуп жатканын көрдүм. Ал эми мыйзам бузган укук коргоо органдары, соттор жоопкерчилик тартпай эле кызматынан көтөрүлүп жатат. Саляновага чечим чыгарган сот Воронцова Жогорку Соттун төрагалыгына көрсөтүлүп, Жогорку Кеңешке талапкер катары сунушталып жатат. Бул биздин сот системиндеги соттук реформанын жүзү. Ал Саляновага акыркы сөзүн айтууга да мүмкүнчүлүк берген жок. Ачкачылык кармап жаткан саясатчыларга да акыркы сөз берилген жок. Бул иш дыкат иликтөөнү талап кылат. Коопсуздук кеңешинде президент соттордун маселесин жөн козгогон жок", - деди Никитенко.

Ал эми төраганын орун басары Мирлан Бакиров сотторго карата элдин ишеними 60 пайызга жоголгонун айтып, маселени кароо зарылдыгын белгиледи.

"Коопсуздук кеңешинде сот маселеси бекеринен көтөрүлгөн жок деп ойлойм. Азыр сурамжылоолор боюнча калктын 60 пайызы сотторго ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатат. Демек, ал жерде маселе бар. Эми биз, парламент соттордун чечимдерине кийлигише албайбыз, бирок алардын иш аракетинде мыйзам бузуулар болуп жатса, аны угуп коюу ашыкчалык кылбайт. Бүгүн, эртең эмес, март айында Жогорку Кеңештин жыйынында карасак деп сунуш берет элем", - деди Бакиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.02.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага коррупцияга каршы куроштун башталышы. Анан ким ишенет бул сотторго.
14.02.2018. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
. Текебаевдин, Салянованын, Шыкмаматовдун отунда адам укуктары, мыйзамдар кандай бузулуп жатканын көрдүм. Ал эми мыйзам бузган укук коргоо органдары, соттор жоопкерчилик тартпай эле кызматынан көтөрүлүп жатат.
Сотунда эмес-отунда болуп калыптыр редактор.
14.02.2018. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Соке калп эле суйлоп койюптурда карупция мына мен куром мен тазамын деп кулкунду келтирип
14.02.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каяктагы алтымыш пайыз 90 пайыз эл ишенбейт он пайызы соттордун туугандары дос жарлары
14.02.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аял киши болсо дагы, туура маселелерди айтып чыкканга духу жетип атат. Молодец экен. А то баары эле ачык айта алышпайт, негизи эле коп койгойлорду аял депутаттар которуп чыгышат. Суравалдиева дагы жакшы иштейт.
14.02.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сокенин айткан сөздөрүнүн далили эми билинет экенда акыйкаттыкты орнотуп коррупцияны жок кылалабы сот просецине кийлигишип абалды оңдой алабы же айткандары сөз боюнча калабы. Эгер Воронцова жогорку соттун төрагалыгана шайланса анда Сокеге да ишенич болбойт накта досунун көчүн улаган болот. 6 жыл күтпөй эртерээк кутулууга туура келет анда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: