super.kg logo

Жанар Акаев: "Президенттин ишениминен кеткен адамдар анын ачык сөзүнөн кийин арызын жазып кызматтан кетиши керек"

 

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылар тууралуу айтып, буга эл өкүлдөрүн көңүл бурууга чакырды.

"Абакта белгилүү үч саясатчы парламентке кайрылып, үмүт артып, жооп күтүп отурат. Биз, бир канча депутаттар кечээ, 13-февралда ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын абалы менен таанышып келдик. Бектур Асановдун кан басымы кескин түшүп кетиптир. Дарыгерлер анын абалы оор экенин айтышты. Мындан тышкары биздин кесиптешибиз Өмүрбек Текебаевдин дагы жүрөгү, буту ооруп жатыптыр. Ошого бир жумага дарыланууга уруксат берилбей жатат. Биз соттор боюнча мыйзамдардын аткарылышын карашыбыз керек. Жакында Аида Салянова да адилетсиз соттолду. Ошондуктан бул теманы коомдук угуу кылабызбы, парламенттик угуу кылабызбы карап чыгуу зарыл. Эл күтүп жатат.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков абдан туура айтты. Биз аны колдоп, жардам беришибиз керек. Күч органдарына президент өзүнүн баасын берди. Президенттин ишениминен кеткен адамдар, бир саатка жетпей арызын жазып, кызматтан кетиш керек эле. Бирок алар отурушат. Биз, парламент ошол жагын карашыбыз керек", - деди Акаев.

Эске салсак, 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков сотторго жарандардын нааразычылыгынын себептерин атап, мыйзам алдында соттор жазасыз калып жатканын айткан. Өлкө башчысы өз ишин жакшы аткарбаган соттордун айынан, айрым учурда күнөөсүз жарандар убактылуу кармоочу жайларда узак убакыт азап тартып жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
14.02.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Молодец Доке))Кыргыз элм сент мн.
14.02.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эң туура бирок, биздин чиновниктер тиш тырмагы менен жабышат го креслосуна....
14.02.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Президентте коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бекем эрк бар. Жанар туура айтат, Сооронбай Жээнбековго баарыбыз жардам беришибиз керек. Көпчүлүк катуу киришкенде гана паракорчулуктун энесин таанытабыз.
14.02.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясатчылар калп эле ооруп калышат олумуш болуп
14.02.2018. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанар Акаев жалгыздык кылып жатат 119 депутат кошулгула өзүңөрдү ойлобой.
14.02.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилердин оюна койсо көзү өткүчө отургусу келишет
14.02.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калган депутаттар корупция боюнча оюн айтышбайтго Жанар менен Каныбек Иманалиев кана үн катты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: