super.kg logo

ЖЭБдеги авария боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

 

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек ЖЭБинде "Электр станциялары" ишканасынын кызматтык адамдары тарабынан эрежелерди бузуу аныкталды.

"Ыкчам топ туздан тазаланган сууну берүүчү жабдуу өз режиминде иштебей жатканын өз убагында аныктай албады. Ар бир цехтин кызматкерлери өз алдынча иштеп жатты. Ыкчам топ аварияны жоюуда инструкциядагы талаптарга ылайык жетектөөнү жүргүзбөдү", - деп айтылат комиссиянын алдын ала жыйынтыгында.

ЖЭБдеги авариянын алдын ала себептери төмөнкүдөй:

- аварияны жоюуда ыкчам тобунун кызматкерлеринин макулдашылбаган аракеттери,

- жабдууга суунун жетишсиздиги,

- имараттардын күзгү-кышкы мезгилге даярдалбагандыгы,

- 3-блокту иштетүүнүн кечиктирилгени.

Эске салсак, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
14.02.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бугун суук болот десе Аламидин 1де жылуулук жокко турбалар муздак болуп турат кудайга шугур уй пока жылуу бирок эмне себептен очту?
aerforce түзөттү 2018-02-14 11:05:08
14.02.2018. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aerforce,Эптеп шылтоо табыштыда Колунардан б.к келбейт эл окулдору миш
14.02.2018. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
386 миллион доллар каяка кетти абдил семизбаев эмне кылып жатат. Кылмыш ишин козгобойсуңбу же абдил сен дагы барсыңбы
14.02.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол тецке 6 миллион доллар кеткенин кудай билет
14.02.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алдын ала жыйынтыгы чыккан турбайбы....Себеби эмнеде болду экен деп, окуй калсам.. Балчайып 4-класстагы окуучунун түшүнүк каты турат го чиркин... 18 күндөн бери, иликтеп алдын ала жыйынтыгы :Кышка даярдык анча болбой калыптыр дегенби? Андан көрө ачыгын эле айтып коё бергиле да, жабдыктары толук алмашылган эмес, 386 миллионго 2 эле казан алмашкан деп. Комиссиянын курамында кимдер бар өзү
14.02.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жыйынтыктын чыгышы деп очошуп бугунда очуруп салдынарбы же жаз келип калганда ремонтту баштадынарбы? кочегарга айтып койгулачы шабыркүлдөн таштасын унутуп калды окшойт от очуп калды
14.02.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эски төрт буу казанды жакшына кылып краскалап калганын жеп коюшуптурда тергеп айтканыңарга караганда
14.02.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз кыргыздарга ото катуу тартип керек. Биз ото ээн баш, жоопкерчиликсиз болуп кеттик. ЧЫЧАЛАБАГЫЛА. Жонокой жарандан мамлекет кызматкерлерге чецин жоопкерсизбиз моюнга алыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: