super.kg logo

Новиков кыргыз тилине каралган каражат боюнча: "Эгер бул чоң нааразычылыктарды жаратса, мен андан баш тартууга даярмын"

 

Экономика министри Артём Новиковдун жана башка кызматкерлердин мамлекеттик тилди үйрөнүүсүнө каралган каражат боюнча интернетте кызуу талкуу уланууда. Министр Артём Новиков бүгүн, 14-февралда ушул теманын тегерегинде журналисттердин суроолоруна жооп берип, эгер коомдо бул нааразычылыктарды жаратса, андан баш тартууга даяр экенин айтты.

"Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил билүүнү жакшыртуу боюнча мамлекеттик программанын негизинде биз министрликтин бардык кызматкерлерине сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Анда министрликтин бардык кызматкерлери бул сунушту колдоого алышты. Бүгүн Экономика министрлигинин борбордук аппаратында 180 кызматкер бар, ал эми министрликтин бөлүмдөрүн кошкондо 350дөн ашык. Ал эми айына 12 миң сомдон кароо боюнча адистер иш алып барган. Мен жумасына 5 күн тил үйрөнүү курсуна катышам. Эгер бул чоң коомдук нааразычылыктарды жаратса, мен мындан баш тартып, өз эсебимден тил үйрөнүүгө даярмын", - деди Новиков.

Министрдин маалыматы боюнча, каралган каражаттын эсебинен министрликтеги 100 кызматкер мамлекеттик тилди үйрөнмөкчү.

Белгилей кетсек, экономика министри Артём Новиковго жана министрликтин кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүүгө мамлекеттик бюджеттен 324 миң сом жумшала турганы боюнча маалыматтар кечээ, 13-февралда жарыяланып, бул интернеттеги чоң талкуулардын жаралышына жем таштаган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(23)
14.02.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эйр орус, кыргыз тили сага керек, озун уйрон, албетте нааразыбыз.
14.02.2018. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurgaz,
булар эч качан уйронбойт кыргыз тилин анкени оздору айткандай "за падло". Азыр шылтоо менен акчаны жеш керек
14.02.2018. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
туура, ишинен кол жуугусу келбесе ар ким озу учун уйронушу керек. Эмне учун бир гана ушуларга акча болунушу керек. Тойгозушту....
14.02.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чык эшикке!!!
RNA78 түзөттү 2018-02-14 12:53:37
14.02.2018. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ар бир Кыргызстандын жараны кыргыз тилин билууго милдеттуу!Ага акча кетируу шарт эмес.
14.02.2018. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ооба баш тарт.Биз нааразыбыз!Оз чонтогундон толоп уйрон кыргыз тилин!Кыргыз эли сага милдеттуу эмес акча берип уйротушко.Озун уйрон эгер креслон керек болсо!
14.02.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Баш тартсан абдан жакшы болмок.Туура оз эсебинден уйрон ансыз деле ар кайсы олкого карызыбыз чачтан коп
14.02.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
эми кыргызча уйрон деп подход кылган окмотко да калычтуу кыргыхча уйрон уйронбосон жумуштан кете бер деп кой тим эле кыргызча уйронуш учун да окмот милдет кылып акча болбой бекер иштесе бир жон эле акча болуп ал деле айлык иштеп атат озунун эсебинен уйронгону укуктуу
14.02.2018. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Новиковдон башка адам чыкбай калгансып окмот куйдурдуго. Атамбаев убагында башталган бул Россияга жагынуу, аялым Россиялык деп балпылдап.
14.02.2018. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сразу эле баш тартыш кк болчу. Эл нараазы болсо баш тартам деп кутпой. Министр министрдай болуш кк да
14.02.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Озу да кичине башы менен ойлонсо болмок, мен ушу элдин эсебинен тил уйронгонум нормальнолеби,тил уйронсом эле Кыргыз экономикасы дунгуроп кетеби деп экономика министри.Тил уйронгонуно эч ким каршы эмес даже ага мажбурсун бирок мамлекеттин эсебинен эмес.Мисалы мен да орусчаны айылдан келип озум уйронгом.
14.02.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озунордун чонтогугордон толоп уйронгуло тилди!
14.02.2018. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
министрликтеги 100 кызматкер мамлекеттик тилди үйрөнмөкчү- эмнеге аларды ишке кабыл алып жатканда мамлекеттик тилди билеби билбейби карабай ала беришет дагы элдин чонтогунон бул ХХХХ тилди уйротуш керек. Мамлекеттик тилди билбейби анда иштебей эле койсун, тилди семичкедей чаккан билимдуу жаштар толтура,ошолор келип иштешсин. Булар тилди уйронуп буткучо убакыт отот, анан дагы башка тил билбеген келсе аны да окутуп журо беребизби. Кызматы керек болсо оздору толоп уйронушсун
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-02-14 14:44:46
14.02.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мамлекеттин эсебинен дегени бул элдин эсебинен, жанталашып иштеп салык тологон ишкерлердин чонтогунон дегени,билим,тил оздоруно эле керек,эртен министрликтен кетишсе деле оздоруно керек да. Эмнеге булардын билимсиздиги учун каражат болунуш керек? Тил билбегендерди окутуп- чокутуп журо беребизби? 100 адам мамлекеттик тилди билишпесе министрликте эшек такалап журушобу? Оорундарын бошотуп, тил билген сабаттууларга жол беришсин анда.Элдин баары каршы.
14.02.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ыйлаган кыз ыйлабаган кыздын бетин тырмайт болуп кайра элге док урунат го. Озуно керек кыргыз тили менен министрлик кресло. Бизге керек беле?
14.02.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Исхак Раззаковдон улгу алышса баардык чондор эбак эле онугуп кетмекпиз... Уяты болсо оз чонтогунон толосун тиги 100 кызматкер дагы кыргыз тилин билбесе озунун чонтогунон толоп уйронсун!!!
14.02.2018. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойгоздуңар кыскасы өз элиң тентип жүрөт акчага зар болуп.Кыргызга намыстуу президент качан келет өзү ушуга окшогондорду төбөгө уруп турган
14.02.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чон кызматка келе тургандар кыргыз тилин созсуз билиши керек деп эсептейм, ушинтеп эле окутуп журо берсек болобу кийин дагы бироо келсе ушунча акча сарпташ керекпи. Баш тартмак тугул бул сунушту озу алып чыккан уят иш болуптур.
14.02.2018. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дароо эле баш тартыш керек болчу эл нааразы болсо баштартууга даярмын деп каадаланбай. Негизи эле бюжедден акча бөлүп тил билбегендерди үйрөтөбүз дегени болбогон жорук болду. 324000ди жөлөк пулга которсоңор 800 сомдон 405 адамга жөлөк болот экен. А минстирликте чоң айлык менен иштеп жаткан 100 адам өздөрүнүн чөнтөгүнөн үйрөнсүн болбосо кызматын бошотушуп беришсин иштей турган кыргыз азаматтары деле толтура.
14.02.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карапайым эл силерди багалы кыргыз тилин үйрөтөлү деп салык төлөп жаткан жок. Сапар сенда буларды эркелетпей эл үчүн кызмат кылчы 4, 5 адамдын кызыкчылыгы үчүн иштебей.
14.02.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баягы Тоо-tash корунбойт го, ушундай жанылыктар майдай жакчу эле.
Тема боюнча ЧОООН наразымын.
15.02.2018. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тил билбесе биле тургандар бар алмаштыргыла Министирлерди башка Адам түгөнүп калса да.
15.02.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muslim87, адамдын намысына шек келтирген, аны кемсинткен сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: