super.kg logo

Шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын шайлоо эрежелери өзгөртүлөт

 

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын шайлоо эрежелери өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Долбоор өкмөт тарабынан демилгеленген.

Маалыматка ылайык, шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын шайлоодо айрым фракциялар жана депутаттык топтор саясий көз караштарынан жана жеке кызыкчылыктарынан улам бойкот жарыялоо аркылуу атайылап кворум болтурбай койгон учурлар бар. Муну менен депутаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону үзгүлтүккө учуратышат.

Буга байланыштуу мыйзам долбоорунда шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын шайлоо үчүн талап кылынган депутаттардын санын аныктоо сунуш кылынат. Сунушталган мыйзам долбоорунда кворум үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин ордуна көпчүлүк депутаттардын катышуусу каралууда.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: