super.kg logo

Депутат өз атына эмес, мамлекеттик сыйлыкка болгон сынга теригип жатканын айтты

 

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева өз атына эмес, мамлекеттик сыйлыкка болгон сынга теригип жатканын айтты. Эл өкүлү кайсы учурда Жогорку Кеңештин грамотасы бериле турганын эске салды.

"Мен кечээ маалымат каражаттарына жарыяланган маалымат боюнча айткым келет. Кечээ комитет жыйынындагы талкууда Ардак грамота берүү куру кагаздан айырмасы калбады деген маалымат берилди. Мен түшүнөм, биздин дарегибизге айтылган сындарды депутат катары кабыл алууга даярбыз. Ал эми мамлекеттик сыйлыктардын дарегине сын айтылганына мен макул эмесмин. Анда Ардак грамотанын мааниси боюнча суроолор коюлган. Мен бул сыйлык кайсы учурда берилерин белгилегим келет”, - деп Асылбашева бир канча сыйлыктын талаптарын айтты.

Анда депутат парламентаризмдин жана мыйзамдуулуктун өнүгүүсүнө салым кошо алган жарандардын эркиндиги жана укуктарын камсыз кылууга салымы бар жаранга демократиялык жана Конституциялык түзүлүштүн бекемделишине, коомдук саясий ишмердүүлүктүн активдүүлүгүн көрсөтө алган жаранга грамота берилерин айтты.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Кока Кола Бишкек Ботлерс” компаниясынын коммерциялык директору Нурлан Рашалиевди Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча маселе талкууланган. Анда депутаттардын арасында талаш жаралып, депутат Гүлшат Асылбаева менен Эльвира Сурабалдиева сыйлык алуучу өзүн өзү сунуштап жатканын туура эмес жагдай катары сыпаттаган. Депутат Асылбаева 30-40 жылдап мамлекеттик кызматта иштеп, сыйлыкка көрсөтүлүүдө көз жаздымда калып жаткан мамлекеттик кызматкерлер бар экенин айткан болчу.

Ал эми сыйлык алуучу Рашалиев эске алуучу жагдайлар бар экенин айтууга аракет кылган учурда депутат Нурлан Макеев ага сөз берилбегенин айтып, сөз кескен болчу. Бул учурда Нурлан Рашалиев ордунан туруп залдан чыгып кеткен. Депутаттар бул маселеге кийинки отурумда кайтууну макулдашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.02.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жогорку кеңештин ардак грамотасын башыңарга тартасынарбы пенсияга же айлыгына акча кошулбагандан кийин.
14.02.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alixan-Nookat.2015,Аларга созсуз кошулат
14.02.2018. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироосу уялат,бироосу теригет. Даны кимиси чыгат экен?)))
14.02.2018. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутаттар жеп жуткандан уялып териксенер боло
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: