Топчубек Тургуналиев: “Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү ишке ашат деп ишенем”

“Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтү бүткөнчө коррупция кескин түрдө кыскарат”, - дейт коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев. Мындай пикирин ал бүгүн, 14-февралда маалымат жыйынында билдирди.
“Жакынкы жылдары, тагыраагы, Жээнбеков президент болуп турганда коррупция толук жок болот деп ишене албайм, бирок кескин кыскарат деп ишенем. Эмнеге, анткени мен Сооронбай Жээнбековдун ата тегинен бери изилдеп чыктым. Анын мамлекеттик кызматта иштеп туруп, акча жегендиги тууралуу бир да маалымат тапкан жокмун. Эгер акча жегени тууралуу маалыматы болсо мен кескин түрдө ага каршы чыкмакмын”, - дейт Топчубек Тургуналиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Беш мин адамды камасан андан кыргыз кемип кетпейт.