Депутат: "Жашы жете элек кыздарды ала качуу боюнча биринчи орунда Талас облусу турат"
Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина жашы жете элек кыздарды турмушка берүү маселеси бүгүн да токтобой жатканын айтып, бул багытта жетиштүү чаралар көрүлбөй жатканын билдирди.
"Үй-бүлөдөгү жоопкерчиликтер күчөтүлүп жатат. Бирок аймактарда жергиликтүү бийлик мыйзамдарды ишке ашырууда иштебей жатат. Ош облусунун Араван районунда жашы жете элек 5 кыз турмушка чыккан. Кара-Суу районунда жашы жете элек кош бойлуу 12 кыз каттоого алынган. Мындан улам өз жанын кыйган фактылар катталууда. Бир ай ичинде 2 окуучу кыз турмушка чыккан. Кечээ жакында жашы жете элек кыздарды ала качуу боюнча тегерек стол болуп маалыматтар айтылды. Жаш кыздарды ала качуу боюнча Талас облусу биринчи орунда турат экен. Андан кийинки орунда Ысык-Көл облусу, үчүнчү орунда Нарын облусу турат. Бул боюнча өкмөт иштебей жатат", - деди Карамушкина.
Кыргыз өлкөсү жашы жете элек курагында төрөгөн кыздардын саны боюнча 2-орунда


