super.kg logo

Бакыт Төрөбаев 5 миллион доллар насыяга курулган май заводу аткезчилик менен келген товарлардын кесепетинен токтоп калганын айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев 5 миллион доллар насыяга курулган май чыгаруучу завод аткезчилик менен келген товарлардын кесепетинен токтоп калганын айтты. Эл өкүлү чек араларга катуу көзөмөл жүргүзүлбөсө жергиликтүү өндүрүшчүлөр жабыркап жатканын белгиледи.

"Сузакта май чыгарган завод Айыл банктан 5 миллион долларга жакын насыя алды. Май чыгарып баштаганда эле башка жактан келген май менен атаандаш боло албай токтоп калды. Ошондуктан суранат элем, чек араларды карагыла. Чек арага онлайн видеобайкоо коюу керек.

Таластагы чек арага бир бала жөнөттүм эле. Ал санап келди, бир күндө 78 оор жүк ташуучу унаа кирет экен. Анын канчасы катталганын кийин дагы тактап сурадым. Бир документ менен 10 унаа кирет экен. Жүк кайдан келип, кимдерге сатылып жатат, салыгы төлөнүп жатабы? Ошол жагын караш керек. Өзбекстандан товарлар келип жатат. Аймактарда биздин өндүрүшчүлөргө баа менен кысым жасалып жатат. Анткени товарлар салыгы жок жолдор менен кирип жатат", - деди Төрөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.02.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бакыт сен кадырынды тушуруп алдын элдин алдында, бир бабановко кошулуп, бир мадумаровко кошулуп.
14.02.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майды кымбаттатыш керек деген соз го бул. Арзандаткыла майынарды алабыз жакшы эле болсо. Азыр базар экономикасы да, ким арзан кылса ошонуку ото, "честно" иш кылыш керек да, кучко салбай,майдын баары эле контробанда эмес.
14.02.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул Бакыт кооз суйлогондон башкага жарабайт экенда. Рейтинг тушуп кетти окшойт Бул саясатчыда.
14.02.2018. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл суйлосода да сен суйлобо!Сага кресло эле керек экенин озун элге корсоттун!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: