Замира Молдошева: "Жолдошумсуз жашай албайм, "менден биринчи өлүп калсаң, өлтүрөм" деп тамашалайм"







SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коноктору 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүнө карата көпчүлүктү суктандырган белгилүү түгөйлөрдөн турмакчы. Анда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Алышпаев жана жубайы, белгилүү ырчы Дилбар Раимбекова менен биргеликте сүйүү таржымалы тууралуу маек курушат. Андан соң өлкөдөгү белгилүү стилист, дизайнер Замира Молдошева жана жолдошу Моңолдор мырза конокко келишет. Ошондой эле "Тамашоу" аркылуу таанылып, "Сүйлөшкөн кызымдын баатыры", "Бир тууганчик", "Айыл Кэмп" тасмаларында роль жараткан жаш актёр Жеңиш Майрамбек уулу жубайы Нурайым менен бирге Түз эфирдин дагы бир таттуу түгөйлөрүнүн катарын толуктайт.
Жогоруда аталган түгөйлөргө арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот. Коноктор бүгүн 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп беришет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
15:20 SUPER.KG порталынын Түз эфиринде стилист Замира Молдошева жана анын жолдошу Моңолдор мырзанын маеги башталды.
15:22 Замира Молдошева 14-февраль күнү жолдошу ар түрдүү белектерди бергенин, бирок жаңы таанышкан жылдары анын сүрөтү түшүрүлгөн кружка белек кылганын айтып, ошол эсинде сакталганын билдирди.
15:24 Суроо: "Ортодогу махабат балага өтүп кетет дешет..."
"Балага болгон сүйүү - чексиз. Бирок эркек менен аялдын ортосундагы сүйүү - бул башка. Жолдошум менен чогуу жашаганыбызга 17 жыл болду, мен ансыз жашай албайм. "Менден биринчи өлүп калсаң, өлтүрөм" деп айтып калам", - дейт Замира Молдошева күлүп.
15:30 Суроо: "Жарандык никени кыргыз жаштарына сунуштайт белеңиздер?"
Моңолдор мырза: "Жарандык нике бири-бирин жакындан таанып-билүүгө жакшы шарт түзөт. Биз, Замира экөөбүз 4 жыл жарандык никеде жашадык. Ал убакытта чынында чогуу жашай ала турганыбызга көзүбүз жетти".
Замира Молдошева: "Ооба, биз 4 жыл жарандык никеде жашадык. Сөзсүз түрдө нике кыйып, анан жарандык никеде жашаш керек. Эгер балалуу болуп, үй-бүлө курууга көзүңөр жетсе, демек, үй-бүлө куруп эле жашаганыңар жакшы".
15:34 Суроо: "Замира эже, жолдошуңуздун биринчи никесиндеги кыздары менен мамилеңиз кандай?"
"Мамилебиз абдан жакшы. Убагында, балким, түшүнбөстүктөр болгондур, бирок азыр баарыбыз тең бири-бирибизди түшүндүк. Учурда катташып турабыз".
15:38 Жубайлар алып баруучу даярдаган оюнга активдүү катышууда.
15:40 Суроо: "Спорттун кайсы түрү менен машыгасыздар?"
Моңолдор мырза: "Күн сайын эртең менен туруп чуркайм".
Замира Молдошева: "Мен жолдошумдан уялганымдан эле эртең менен бир аз көнүгүү жасап калам. Андан сырткары жолдошум экөөбүз тең лыжа тебүүнү жакшы көрөбүз".
15:48 Жубайлардын Түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.
кошулду
Замира Молдошева: "Мен жолдошумсуз жашай албайм"

Эч ким жыланач жургон жок. Жон эле суйлой бербегилечи. Сени угуп отурсак кереметту колубузго да куртка кийип тушуп калат окшойбуз. Анан эмне хиджаб кий деген турасынарбы. Мода деген бар. Замира эже азаматсыз. Сиздей таланттуу адамдар бизге керек.
Кантип айттыныз ушуну"менден мурун олуп калсан,олтуром "деп.
Аллах бизге чогуу карылыктын доорун сурууго насип этсин.
Жолдошум экообуз тен арып,тен карыйлы десениз боло!!!
Эмне болгон буларга?
Сиз суйлой турган соз эмес бул!
Чон эле апалар аталар алжый баштаганго.
Жаштарга терс тарбия берип!!!
Мени каалаганча урушкула туура эмес суйлосом...
силер загс албай эле нике кыйдырып жашап атпайсыңарбы ошону айтат
көбү ала качып эле жарандык загс жок беш алтыдан балалуу болгондорда
биз деле үч балалу болуп загс алдык
бирок НИКЕ кыйдырып деп жатышат.
Балалуу болгондо ЗАГСга тургула деп да айтты.
Создун чоо жайын тушунуп жазгыла.