super.kg logo

14-февраль. Сүйүктүүңүзгө эмне белек бердиңиз? Ырчылардын сүйүү баяны

 

Арман: "Бир жыл мурун, 14-февралда кыз-жигит катары сүйлөшүп баштаганбыз"

Ырчы Армандын сүйүктүүсүн тапканына бир топ убакыт болду. Ал 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүн майрамдабайт деле. Бул майрамдын кыргыздарга тиешеси жок деген ырчы, ошого карабай сүйлөшкөн кызын гүл менен куттуктаганын айтат. Бирок анын себеби бар.

"Мындан бир жыл мурун ушул күнү биз кыз-жигит катары сүйлөшүп баштаганбыз. Сүйүшкөндөр күнүн майрамдабаганыбыз менен, бул дата мен үчүн маанилүү. Бизди табыштырган күн. Жарым саат мурун сүйлөшкөн кызымдын иштеген жерине гүл, шоколад алып барып куттуктап келдим. Кечинде дагы жолугабыз.

4 ай мурун кыргыздын каада-салтына ылайык ага-тууганым менен барып сөйкө салып келгем. Буюрса, үйлөнүү тоюбуз октябрда болот, бирок датасы белгилене элек", - дейт Арман.

Баястан: "Зульфияга жагымдуу сюрпризим бар"

Учурдун мыкты рэп ырчысы Баястан өткөн жылдын соңунда сүйүктүүсүнө сөйкө салган. Рэпердин жүрөгүн бийчи кыз Зульфия багындырган. Баястан сүйүктүүсүнө арнап "Жарашат" деген ыр жазып, клибине да тарткан.

"Кечээ түнү, 14-февралдын алгачкы мүнөтүндө эле Зульфияны куттуктап, жакшы сөздөрүмдү айткам. Чынында бул күндү чоң майрам деп кабыл албайм. Бирок жаштарга шылтоо керек да. Өзүбүз өзүбүзгө жакшы маанай түзүшүбүз керек. Бүгүн окууда болдум. Зульфия экөөбүз тамактанганча кечинде жолугабыз. Атайын белек даярдадым, ал сюрприз болсун.

Экөөбүздүн таанышканыбызга бир жыл болуп калды. Үйлөнүү тоюбуз деле алыс эмес", - дейт Баястан.

Бегимай Бекбоева: "14-февраль биз үчүн кадимки эле күндөрдүн бири"

Ырчы Бегимай Бекбоева болочок өмүрлүк жолдошумду таптым деп күйөрмандарына жар салган. Бирок орто жерден таарыныша да кетишкенин айткан эле. Бойдок кезде мындай таарынышуулардын далайы орун аларын түшүнүштү окшойт кайрадан биригишти.

"Кыз-жигит бири-бирин жакындан билиш керек. Кээ бирөөлөр алты жыл сүйлөшүп үйлөнсө, айрымдар алты ай сүйлөшүп баш кошот. Баары Жараткандын буйругу менен. Азыр жигитим бар, бирок тагдырыбыз биргеби же бөлөкпү аны убакыт көргөзөт. 14-февраль биз үчүн кадимки күндөрдүн бири. Ошондуктан жолугуп, белек беришпейбиз деле. Мен атамдын жанында, жигитим өзүнүн үйүндө дегендей", - дейт Бегимай Бекбоева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
14.02.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ислам дининиде мындай майрам жок!
14.02.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
toktor89,супе инфо жамааты кайдагы бир майрамды чыгарбай чемпиондор лигасын кабарлашса
Rasul94 түзөттү 2018-02-14 18:17:51
14.02.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анжеликаны коройун десем жок го
14.02.2018. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кайдагы бир Валентин деген христиандин олгон кунун суйу куну деп майрамдаган кыргызга тан калам.
14.02.2018. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мусулман элинде туулган кун,жаны жыл,суйуу куну майрамдары эзели болгон эмес.
туулган кун жаны жылды тосуп,майрамдап,жыргап 1 жыл
карыганынарга,тозокко баратканынарга жыргайсынарбы
14.02.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ruskarakol,туулган кунду белгилесе болот бирок ашыкча ысырапкорчулуктун кереги жок. Чакан гана дасторгон жайып жакындары мн белгилесе болот аллага шугур кылып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: