super.kg logo

Бишкектин абасына аппак кездемелер аркылуу эксперимент жасалууда

 

"#БишкектинАбасы

#ВоздухвБишкеке

Сиз дагы ушул баннерлерди көрө алдыңызбы? Бул баннер аппак кездемеден даярдалган. Биз абанын канчалык деңгээлде таза же кир экенине эксперимент жасап жатабыз.

Кандай ойлойсуздар, бул аппак кездеме канча убакыттын ичинде кирдейт? Же көпкө чейин таза бойдон турабы? Сиздердин ой-пикирлериңиз биз үчүн маанилүү, - деген билдирүү социалдык тармакта жарыяланган.

Бул экспериментти кимдер жасап жатат? Көздөгөн максаты эмне деген собол менен "МувГрин" жаштар экологиялык кыймылынын жетекчиси Мария Колесникова менен байланыштык.

"МувГрин" жаштар экологиялык кыймылы көтөрүп чыккан демилге Бишкектеги абанын тазалыгын аныктоого багытталган. Борбордун ар бир тургунун абанын булганып жатканынан кабардар кылып, алдын алуу чараларды колдонуусуна чакырык таштадык дегим келет. Ошондон улам калктын калың катмарына абанын кир экендигин жөнөкөй мисал менен жеткирели деп, #БишкектинАбасы#ВоздухвБишкеке деген аппак кездемеден даярдалган баннер илдик. Азырынча социалдык эксперимент болгондуктан Бишкек шаары боюнча болгону 4 баннерди илүүгө мэрия уруксат берген. Мындан тышкары абанын тазалыгынын деңгээлин билүү үчүн атайын тиркеме түздүк. Ал "AbaKg" деп аталып, Android платформасынын колдонуучулары көчүрүп, маалымат алса болот. Биз экспериментибизди март айына чейин улантып, маалымат чогултабыз. Андан кийин Кыргыз Гидрометтин тегерек столунда биз өзүбүздүн жүргүзгөн мониторингибизди, мамлекеттик мекеме өзүнүн мониторингин жарыялайт. Жыйынтыгында абанын булганышынын алдын алуу маселелери каралат", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.02.2018. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тиешелүү органдар карап коюшбайбы,биринчи жазганда кыргызча анан орусча калган тилдерде жазылат.Казакстанда жалаң баардык жарнак жана башкалар биринчи Казак анан орус тилде жазат.Бул жарнакты жазгандары бизди сынагандарыбы.
15.02.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nurbekasr,ой акылдуу болсон тиги орустан биринчи чыгып Бишкектин абасын тазалайлы деп идея которуп, баннерлерди сен илбейт белен. Уйундо отуруп алып доорубой.
15.02.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул корунушту оз тилин сыйлабастык деп эсептейбиз!
Даже кее министрлер суктанышат орусча жазылыптыр молодец деп.
15.02.2018. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыш, жаз Аба тазараак болот. Жайында, кузундо илгиле он кундо жазуу окулбай калат
15.02.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ТЭЦ анан Дордой тарапка илиш керек эки саатта кара болуп калса керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: