super.kg logo

Жээнбеков чек арачыларды көзөмөл-өткөрүү жайларынан өтүп жаткандарга меймандос мамиле жасоого чакырды

 

Бүгүн, 14-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Кыргыз-Казак чек арасындагы "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү жайына барды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, мамлекет башчы Кыргыз-Казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларынан ишкерлер тоскоолдуксуз өтүшү керектигин айтты.

"Биздин өлкөгө келген туристтерди дароо көзөмөл-өткөрүү жайлары тосуп алат жана алгачкы таасирди меймандар дал ушул өткөрүү жайларынан алышат. Мындан мамлекеттин имиджи көз каранды. Ошондой эле продукциясын башка өлкөлөргө экспорттогон биздин ишкерлер чек арадан тоскоолдуксуз өтүшү керек. Туризм жана экспортту колдоо менен биз жаңы жумушчу орундарды түзүп, экономиканы өнүктүрөбүз, бюджетке түшкөн каражат көбөйөт", - деп белгиледи Жээнбеков.

Ал чек арачыларды чек арадан өтүп жаткандарга карата меймандос мамиле жасоого чакырды. "Кыргыз мамлекети жана Казакстан куштун эки канатындай бир тууган эл. "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү жайы эки мамлекеттин эң башкы дарбазасы. Ушул жерден эки өлкөнүн эшиги ачылат, карым-катышы, эки элдин достугу башталат. Байыртадан дал ушул жерден Улуу Жибек жолунун кербендери өткөн", - деп кошумчалады.

Чек арачылардын президентке берген маалыматына ылайык, "Чалдыбар" өткөрүү жайынан суткасына 5 миңден 7 миңге чейин киши өтсө болот. Реконструкцияга чейин миңден ашпаган адам өтчү. Транспорт каражаттарынан суткасына 250дөн 350гө чейин унаалар өтүүдө. Анын ичинен 70ке жакыны оор жүк ташуучу унаалар. Ал эми өткөрүү жайынан бир адамды текшерүүгө орто эсеп менен 40 секунд кетсе, жүк ташуучу унааларга 10 мүнөткө чейин убакыт сарпталат.

Президент Сооронбай Жээнбеков жүк ташуучу унаалардын 10 мүнөткө чейин текшерилгенине көңүл буруп, бул убакытты кыскартып, өтүп жаткан унаалардын санын көбөйтүү керектигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.02.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура аябай козомолдош керек, Манас Аеропортуна тушкондо баары унуройгон, корс муноздуулор олтурат жалан. Оз мекенинди сагынып келгенде конулун тез тушот мамилелеринен. Жылмайып тосуп алышса туристерди жакшы болот эле.
14.02.2018. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура айткан, анан батыраак иштегиле депда коюш керек эле, эзилишип бир кишинин пасспортун бир саат карашат, тажатат ушу биздин сапатсыз чегарачылар.
14.02.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сооронбай Жээнбеков эркек президент!!!
14.02.2018. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура туристтерди ассаламу алайкум ака ука кош келипсиздер деп тосуп алыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: