super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: "Реал Мадрид"-"ПСЖ". Кайсы команда жеңди?

 

14-февралдан 15-февралга караган түнү Чемпиондор Лигасын катары менен эки ирет жеңген "Реал Мадрид" командасы өз үйүндө дүйнөнүн кымбат футболчуларынан түзүлгөн Париждик "ПСЖ" командасын кабыл алды. Финалга тете болгон оюнга жанынан күбө болгусу келген күйөрмандар "Сантьяго Бернабеу" стадионуна толуп турду.

Ышкырык жаңырды, "үй ээси" болгон мадриддиктер чабуулга ыктоо менен оюн алып барып жатты. Оюндун алгачкы 20 мүнөтү жогорку чыңалуу менен болуп өттү. Оюндун 33-мүнөтүндө Мбаппенин капталдан узаткан тобу "Реалдын" коргоочусуна тийип артка кайтканда париждиктердин жарым коргоочусу Рабьо топко биринчи жетип "Реалдын" дарбазасына алгачкы голду киргизди, эсеп сандары 0:1, конокто ойногон "ПСЖ" жааты алдыга чыкты. Бир гол менен оюн бир жактуу чечилбесин билген "Реал" позициялык оюнунан тайган жок. Биринчи бөлүктүн бүтөрүнө бир мүнөт калганда "Реалдын" чабуулдарынын бири 11 метрлик айып тобун табуу менен токтоду. 11 метрлик соккуну Роналду жасап, эсеп санын 1:1 ге айлантты.

Экинчи бөлүк да оюндун тең салмактуулугу менен башталды. Эки тарап тең курч чабуулдарга барып жатышты, топко ээлик кылуу боюнча да пайыздык көрсөткүч дээрлик бирдей болуп турду. Оюндун 83-мүнөтүндө Исконун ордуна алмашууга чыккан Асенсионун узаткан тобун Роналду тизеси менен дарбазага багыттап, эсепти 2:1ге айлантты. Роналду жоопкерчиликтүү оюнда ошентип "дубль" жасады. Жеңиштин жытын сезе баштаган "Реал" ортодон 3 мүнөт өтпөй 3-голун париждиктердин дарбазасына киргизди. Бул жолу "Реалдын" коргоочусу Марсело айырмаланды. Эсеп сандары 3:1. Финалдык ышкырык жаңырды "Реал" ишенимдүү жеңиш менен оюнду аяктады.

Жооптук беттеш 7-мартта "Парк де Пренс" стадионунда болот, анда "ПСЖ" "Реалды" өз үйүндө күтүп алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
15.02.2018. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кроос - Марсело - Асенсои бул үчтүк кыйын чыкчуудай
15.02.2018. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Буйруса Реал чемпион бул жылы дагы
15.02.2018. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Псж учун лига 1де озуно ылайыктуу атаандаш дээрлик жокко эсе. Ото кучтуу командалар менен оюн жургузбогондугу учун, чон турнирде мотивация ала албай жатышат. Реал Мадрид алга. Роналду - Король.
15.02.2018. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
koshoi_bolotbek, роналду анча деле жакшы ойной албайт. Нападающий болсоң сен деле көп рол киргизмексиң. Мессиге жетпейт роналду
15.02.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kojo1995,Анда санап берчи чабуулчу болуп журуп,коп гол киргизген футболчуларды.Ооба санайсын! Бирок жалан гана мыктыларды.
15.02.2018. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Асенсио ото техничный игрок сыйлайм, мыкты футболист.
15.02.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
эхх Роналду.канчалаган адамдарга кубаныч тарттулап келесин.а канчалаган адамдардын козунун жашын айлантып кыйнап келесин.Рон 21-кылымдын номер 1 оюнчусу деп билем
15.02.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rasul94,балии балиии ураааааааа ураааа куттуктайм расул байке))
15.02.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Isco23,рахмат иско
15.02.2018. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Асенсио азамат, алмашууга чыгаары менен оюндун ыргагын толук өзгөрттү. Бензема картайганбы, айтор оюну эч кимдин купулуна толгон жок менимче... Анын ордуна негизги курамга Асенсиону чыгарса жакшы болмок кийинки жооптук оюнда
15.02.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кечееки Форча Барсалар жок го. Ою Жамандар.
15.02.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Судялар мн женгенин эчким айтбайт
15.02.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ееееу Реалдын куйормандары. Кийинки жумада биригели бири бирибизге плюсту аябай эле басып. Форча Барсалар очсунчу
15.02.2018. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Isco23,+++++++++++++++ биз даярбыз буйруса
15.02.2018. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
РЕАЛ реалдыгын кылатта
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: