super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: "Ливерпуль" "Портуну" ири эсепте утуп кетти

 

⅛ финалдык оюндарынын дагы бири Португалиянын "Порту" командасы менен англиялык "Ливерпулдун" ортосунда жүрдү. Оюн "Порту" командасынын "Драган" стадионунда болуп өттү.

Акыркы оюндары мыкты болуп жаткан "Ливерпуль" командасы оюндун тизгинин өз колуна алды. Салах баштаган күчтүү чабуулчулар "Портунун" коргоочуларынын шаштысын кетирип жатты. Оюндун 25-мүнөтүндө кезектеги "Ливерпулдун" чабуулдарынын бири гол менен аяктап, Садио Мане атаандашынын дарбазасына алгачкы топту киргизди. Ортодон 4 мүнөт өткөндө таланттуу чабуулчулардын бири Мухаммед Салах экинчи топту киргизди, эсеп 0:2. "Порту" командасы да бир топ кооптуу чабуулдарды жасады, бирок ийгилик жылмайган жок. Биринчи бөлүк аяктап, оюнчулар эс алууга кетишти.

Экинчи бөлүк башталды, биринчи бөлүктөн эч кандай айырмаланган жок. "Порту" чабуулдарды уюштуруп жатканы менен, көпчүлүк күткөн гол кирбей жатты. Оюндун 53-мүнөтү болгондо Мане дагы бир жолу айырмаланып эсепти 0:3кө айлантты.

Эки тараптан тең чабуул болгону менен, "Ливерпулдун" гана чабуулу ийгиликтүү аяктап жатты. 69-мүнөт болгондо "Ливерпулдун" дагы бир чабуулчусу Фирмино гол киргизип, англиялыктар 4 гол менен ишенимдүү түрдө алдыга чыгышты.

"Ливерпуль" аны менен эле токтоп калган жок, оюн бүтөрүнө 5 мүнөт калганда, мурунку 2 голдун ээси Мане 3-голун жаратты. Эсеп 0:5, Садио Манеде хет-трик, "Ливерпулда" 5 гол. Коноктук оюнда куржунуна 5 гол артынган "Ливерпуль" командасы үйүнө ийгиликтүү кайтты.

Жооптук оюн 7-мартта орун алат, анда "Ливерпуль" "Энфилд" стадионунда "Портуну" күтүп алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.02.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Драган эмес Драгау эле го
15.02.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекболсун эң жакшы маалымат болуптур молодец! Ливерпуль га 1/4 ийгилик каалайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: