super.kg logo

"Салим байбача" лакап аты менен таанымал Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары, ишкер Салим Абдувалиев Кыргыз жергесине келет

 

“Салим байбача” деген лакап аты менен таанымал Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары, ишкер Салим Абдувалиев Кыргыз жергесине келет. Бул тууралуу "Аю" компаниясынын вице-президенти Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Буга чейин интернетке Кыргыз жериндеги көрүнүктүү адамдардын Салим Абдувалиев менен тартылган видеосу тарап, кызуу талкууга алынып жаткан. Бул видеого улай эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын “Салим байбачага” чапан жапкан сүрөтү тарады. Ал сүрөттөн Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутаттар Дамирбек Асылбек уулу менен Салайдин Айдаровду жана "Аю" компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримовду көрүүгө болору жазылган.Балбак Түлөбаев

"Бизге конокко Абдувалиев Салимбай Кыргызбаевич келе жатат. Ал Өзбек улуттук Олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары, Күрөш федерациясынын жетекчиси. Белек бербейли, аэропорттон такси кармап алып өзү келсин, конок деле кылбай коёлу, каалаган жеринен тамак ичип алат да.

Кыргыз спорту дүйнөдө өтө өнүккөн, алдыңкы орунда турат. Көп деле башка өлкөлөрдүн колдоосуна муктаж эмеспиз. Башкалар менен мамиле деле курбай койсок болот. Сүрөткө түшпөйбүз. Эртең тиги киши эмне болот ким билет? Кокуй, уят болобуз. Келет кетет да. Өз акчама козу сойсом эмнеге тай сойбойсуң десе, өз акчама калпак кийгизсем эмнеге тебетей кийгизбейсиң десе. Сүрөткө түшсөк улуттук саткын болсок. Ой, журт, айткылачы кечинде төшөккө кандай жатайын?" - деп жазган Түлөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(16)
14.02.2018. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кокууй подхалимдерго
14.02.2018. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кечинде жатканда пайгамбар сүннөт кылып оң жагыңыз менен жатканыңыз жакшы. Башкасын билбейм.....
14.02.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Урматтуу Түлөбаев туура сыйлап кой сойунуз, дос болунуз кеп анда эмес кеп жанаагы экөөсүндө болуп жатпайбы Кыргыздын апорасы деген ал жерде биздин досубуз деп суйлобойбу Салим бар үчүн кыргыз жашап жатат дебей
aerforce түзөттү 2018-02-14 22:40:51
14.02.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Келсе келе берсин, кеп силердин "салим бар учун кыргыз жашап жатат" дегенинерде болуп жатат. Созду башка жакка айландырбай, эми ойлонуп суйлоп жургуло.
14.02.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
nurgaz,дурус айтасың
Ermekbai түзөттү 2018-02-14 22:40:30
14.02.2018. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмнеге келет экен? Расмий иш мененби же башка нерселерди пландаштырганыбы? УКМК Тактоо керек, бул жерде эмне болуп жатат.. Иши кылса Кыргызстанда бир балээни баштабаса болду
14.02.2018. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул адам Озбек мафиясы, крим тобол катары аты чыккан, эми бизде бир мамлекеттин мыйзамдуу жетекчилери криммафиозия менен суйлошуп отурушса анда депуттатыктан кетишип мыйзам жонундо суйлогонго моралдык акысы жок. Олигарх деп коюп криминалга жалпандаган чондорду дароо иштен айдаш керек. Кыргыз депуттатары,мыйзам жазган жогорку орган бандиттерге кошомат кылып калганы оздорунун авторитетин тушургону.
14.02.2018. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
jbolotov,оа ал атактуу анан дагы орто азиядагы корунукту маяфиоз и анан алигархдагы бир демкени билбесе Кыргызтанга келбейтко. Ал Кыргызстанга точна биздин пайда учун эмес озунун же озбекистандын пайдасы учун келет
14.02.2018. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Памперс кийип жат
14.02.2018. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Өздөрү эмне деп сүйлөп салганын дагы да түшүнүшө элек окшойт. Видеого тартканда ушунча айтса тартпаган жеринде эмне деп эмне кылышты анысы белгисиз.
14.02.2018. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кой союнуз,суротко тушунуз,озундун акчана жыргагыла сыйла колунан келсе.Ар бир Кыргыз уйуно конок келсе сыйлайт коногун колунан келишинче.Бирок тигилер колтуктап алып суйлогондоруно капаланып жатабыз .Соз тилден чыккыча сенин кулун,чыкандан кийин сен анын кулусун
15.02.2018. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйын кишиго. Тиги Салим байбачанардын тубу кыргыз деп уккам. Мумкун патриоттук сезимдери оорчуп кетсе керек. Жакшы тосуп кое бергиле. Кыргызда кел демек бар кет демек жок
15.02.2018. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э шаршенбек, балбакбек, байпакбек ошол силер аны чыкырып убара тартпай эле, узбекстанга эле кочуп кеткилечи бала бакыранар менен баарынар эле. Биз бул жакта тынч эле жашайлы. Атынарды да чон тамга менен жазгым келбеди.
15.02.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ask094, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
15.02.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LoLoPePe, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Этика нормаларын сактаңыз.
15.02.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurik1988, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: