super.kg logo

Дастан Догоевдин кызматтан кеткендигинин себеби айтылды

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев кызматтан эмне себептен кеткени белгилүү болду. Аталган мекеменин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, Догоев үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ушундай чечимге келген.

"Ал киши арыз жазып кызматтан кетүүсүнө жеке үй-бүлөлүк шарты түрткү болгонун айтты. Ал эми жоопкерчиликтүү ишине ишеним көрсөткөнү үчүн президентке, өкмөт башчыга жана Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылыгын билдирди", - деп айтышты каттоо кызматынан.

Догоев ээлеген кызмат ордунан кетүү тууралуу арыз жазып, ага премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 14-февралда кол койду.

30 жаштагы Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына 2017-жылдын июнь айында дайындалган болчу. Ага чейин 2014-жылдын июнь айынан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Алина Шаикова ээлеген кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.02.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
30дагы жигиттей корунбойтго
15.02.2018. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каап ушул жигиттен бир нерсе чыкмак. Жаштыгына асылышты эле акыры кетиптир да
15.02.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дастан Давлетович абдан жакшы иштеп жаткан его заставили уйти
15.02.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ички кадрдык тазалоо башталыптыр да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: