super.kg logo

Таласта таксистти сабап, унаасын тартып алган деген шек менен Казакстандын эки жараны кармалды

 

12-февраль күнү Талас облусунда таксистти сабап, унаасын күч менен тартып алган деген шек менен Казакстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-февраль күнү саат 20:30 чамасында эки адам таксиге отурушкан. Алар айдоочуну электрошокер менен коркутуп, сабап, акча жана баалуу буюмдарын алып, колу-бутун байлап унаанын багажына салып коюшкан.

"Шектүүлөр таксисттин унаасын айдап Талас шаарына бара жатканда Көк-Ой айылынан унаанын бензини түгөнүп токтошкон. Ошол жерден таксист качып кетүүгө үлгүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу ошол эле күнү укук коргоо органдарына кайрылып, ыкчам иликтөө иштеринен кийин шектүүлөр автобекеттен колго түшүрүлгөн. Иликтөө иштеринен кийин алар Казакстандын Жамбыл облусунун 22 жана 26 жаштагы тургундары экени аныкталган.

Кармалган жарандарга "каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.02.2018. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сотко ашыргыла бул тартипсиздерди...
15.02.2018. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде каракчылык берене эле эмес дагы башка бир нече берене менен кылмыш иши козголушу керек эле.Же туугандарга женилдетилген акция журуп жатабы?
33SUUN түзөттү 2018-02-15 03:40:41
15.02.2018. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчаларын алып койуп жиберишет
15.02.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kojo1995, этика нормаларын сактаңыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: