super.kg logo

Бишкекте маршруттук такси менен жеңил унаа кагышып 3 адам жаракат алды

 

14-февраль күнү №199-каттамдагы жүргүнчү ташыган маршруттук такси менен Субару Форестер унаасы кагылыша кетти. Кырсык түнкү саат 21:30 чамаларында Бишкектеги Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

SUPER.KG'ге "Тез жардам" кызматынан кабарлашкандай, кырсыктын кесепетинен маршруттук таксиде бараткан үч адам жаракат алып, алар ооруканага жеткирилген. Алардын ичинен 20 жаштагы жарандын баш мээси катуу чайкалып, башы канап кеткен.

Учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы кырсык боюнча тийиштүү экспертизаларды дайындап, териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Кырсыкка күбө болгондордун айтымында, маршруттук таксинин айдоочусу жол чырагынын кызыл белгиси күйүп калганына карабай өтүп кетүүгө аракет кылганда Токтогул көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй келе жаткан Субару Форестер унаасы маршруттук таксинин оң капталынын арткы бөлүгүнө сүзгөн. Мындан улам маршруттук такси жол четиндеги тосмолорду талкалап кетип, каптал тарабы менен бакка урунган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.02.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баягы эле жулунган маршруткалар!!!!!Шаардын ичинен жоготуш керек!!Автобустарды киргизиш керек!
15.02.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Троллейбус, автобустар кирсе жакшы болот эле, кээ бир маршруттук таксилердин ичинин киринен журогун айланып жетчу жерине аран жетесин, жууп тазалап деле алышпайт, чамасы арендага алышабы ушунчалык кир болгончо карабай айдаганына караганда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: