super.kg logo

Депутат Токтошев: "Жүктөрдү темир жол аркылуу ташысак, жол кырсыгына бөгөт коюлмак"

 

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Эмил Токтошев өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө жүктөрдү темир жол аркылуу ташууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Түндүктөн түштүккө жүк ташууда "Кыргыз темир жолунун" тарифине көңүлүңүздөрдү буруп кетсем. Завод, фабрикалар түндүктө курулуп калган. Тактап айтсам, Чүй облусунда. Сырттан келген импорт товарлар толугу менен Бишкекке ташылып келип, кайра автоунаага жүктөлүп Ошко кетет. Эмне үчүн биз жүктөрдү темир жол менен ташыганды чече албай жатабыз? Анткени темир жолдун тарифи кымбат. Биздин Өзбекстан менен мамилебиз жакшы болуп калды. Өкмөт буга көңүл буруп, өзбек тарап менен тариф боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, арзандатсак ишкерлер өздөрү темир жолго өтүп кетишмек. Жүктөрдү темир жол менен ташысак Бишкек-Ош жолундагы кырсыктарга бөгөт коёт элек. Жол сапаттуу болмок. Жалпы экономикага жакшы таасирин тийгизмек", - дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.02.2018. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура соз, кошулам!

Темир жол аркылуу ташыш керек, куйуучу майларды да темир жол аркылуу ташытыш керек, антпесек оор жук ташуучу машиналар унаа жолдорун талкалап бутту, канчалаган жарандарыбыз Бишкек-Ош жолунда кырсыктан каза болуп жатышат.
Темир жол аркылуу ташытсак кырсыктардын, жол кырсыгынан каза болгондордун саны азаймак, жолдорубуз да сапатту сакталмак.
Бирок Озбекстан аркылуу эмес, ички темир жол транзитин жандандыруу зарыл.
Ysakov_Nur түзөттү 2018-02-15 10:26:21
15.02.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооз менен айтып кагазга толтуруп койбой иштеткиле да ушундай пландарды
15.02.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда кошулам, Бишкек-Ош жолундагы кырсыктар азаймак. Экономикабыз осмок, бирок качан эми?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: