super.kg logo

Дарыгер: "Денесинин 60 пайызы күйүп калган Аруукенин ден соолугу начарлап кетти"

 

Кайнак суу төгүлүп денесинин 60 пайызы күйүп калган 3 жаш 7 айлык Аруукенин ден соолугу начарлап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда 4-клиникалык оорукананын күйүк бөлүмүнүн дарыгери Каныбек Иманалиев билдирди:

Анын айтуусуна караганда, Аруукеге операция качан жасалары эртең аныкталат.

"Азыр операцияга даяр эмес, ата-энеси үйүнө чыгарып кеткенден кийин ден соолугу начарлап кетиптир. Андан сырткары тубаса жүрөк кемтиги да бар экен. Операция качан жасалары эртең аныкталат", - дейт дарыгер.

Айта кетсек, буга чейин 3 жаш 7 айлык Аруукеге кайнак суу төгүлүп, борбордогу 4-клиникалык оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу эжеси билдирген.

Анын ден соолугунан кабатыр болгондор ага акча чогултушуп, бирок аны ата-энеси кызына жумшоодон баш тартып жаткандыгы айтылып, эжеси чогулган акча Аруукенин дары-дармегине коротулуп жатканын кабарлаган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
15.02.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ээх ата энесинин ахыбалын тушунуп турам. Булда кудайдын сыноосу. Оору берди шыпаасын кошуп берген болсун.
15.02.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ии байкуш кыз кыйналыптырда уйуно чыгарбай турса болмок экен уйдо шарт жок ата энесинин медициналык сабаты болбосо кантип анан карамак эле? анан Каныбек Иманалиев деген аты фамилиясы окшоштор копко
15.02.2018. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
1чи орунда кызды ойлобойсунарбы, эмнеге чыгарып кетишет, чогулган акчаны дагы толук бечара кызга жумшабай, эх жетишпеген заман качан онолот, бобоко эле кыйын.
15.02.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
RusMos76,ошо менда тан калып жатам 60%деген чон коркунучтуу уйдон кантип карайт? Кечеги акча жумшалбай жатат дегенида чынбы деп ойлойм?!
15.02.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кунуно акча тушуп жатыптыр,даарыгерлерди жамандабай,больницадан чыгарбай даарылашса болмок,уй деген уй,больницадай шарт жок,кызынын кыйналып жатканын корушуп кантип чыдап тура алышат, бирок ащыркы заманда деги эч нерсеге ишенип болбой калды,тангалып да болбой калды. Хохлова чын айткан менимче.
15.02.2018. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элден чогулган акчаны берсе жакшы болот эле жеп албай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: