super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Парламент "премьер өзү келсин" деп өкмөттүн жазга даярдыгын кароону 2,5 саат артка жылдырды

 

Жогорку Кеӊеш бүгүн, 15-февралда өкмөттүн жазга даярдыгын талкуулоону 2,5 саатка артка жылдырды. Себеп - премьер-министр Сапар Исаковдун жыйынга келбегени. Өткөн аптада парламенттин Координациялык кеӊеши бул маселе боюнча Жогорку Кеӊешке премьер-министр өзү маалымат берсин деген чечим кабыл алган. Жыйынга бүгүн вице-премьер Дайыр Кенекеев баяндамачы катары келип, депутаттар маселени кароого каршы чыгышты. Табылды Тиллаев: "Өкмөт башчы өзү келип маалымат берсин жана жоопкерчиликти алсын. Өлкөдө эки эле маанилүү маселе бар, кышка даярдык жана жазга даярдык. Кышка даярбыз деп аягы эмне болду? Ошондуктан премьер өзү келип суроолорго жооп берсин", - деди. Депутатты башка кесиптештери да колдоого алышты.

Өкмөттүн жазга даярдыгы боюнча премьер-министр өзү маалымат берсин деген Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинин да чечими болгон. Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев премьер-министр эл аралык деӊгээлдеги жолугушуусу бар үчүн жыйынга келе албаганын айтты.

Маселе бүгүн саат 14:00дө премьер-министрдин катышуусунда талкууланат.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБиндеги авария Жогорку Кеӊеште талкууланганда да депутаттар жыйынга премьер-министр Сапар Исаковдун келбегенин сынга алышып, анда да премьердин жыйынга келишин күтө турушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: