super.kg logo

Депутат Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишине жолтоо болуп жатканын айтты

 

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишине жолтоо болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Өлкө аймагындагы медициналык мекемелердин иштөө саясатын Саламаттыкты сактоо министрлиги, ал эми каржы саясатын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жүргүзөт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкы милдети калктын калыӊ катмарын арзан жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу болуп саналат. Бирок өзүнүн мындай милдетинин өтөөсүнө чыга алган жок. Биз коӊшу Казакстандын алгылыктуу тажрыйбасын колдонушубуз керек. Саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттын баары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна түшөт. Анын кызматкерлери жөндөп иштей албай, тескерисинче, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишине жолтоо болууда. Мындай абал боюнча биздин кайрылуулар жоопсуз калып келет. Өздөрү иштей албаса, ыйгарым укуктарын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берсин", - деди Мавлянова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.02.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милдеттүү медициналык камсызддонун системасын толук өзгөртүш керек. биз алган айлыгыбыздан дайыма төлөп келебиз, жыйынтыгында толук кандуу медициналык кызматты ала албайбыз. Ар бир төлөп жаткан жаранга өздүк эсеп ачылса, иштин ачык-айкындуулугу билинмек. Керектүү маалда ал жаран өздүк мед.эсебинен баардык чыгымдарды төлөмөк.Ушул жагын ойлош керек. А азыр болсо, ооз көптүрүп сүйлөгөн м-н пайда жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: