super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-ФЕВРАЛЬ: "Туулган күнүмдү гастролдо тосуп жатам" дейт ырчы Акбар Сүйүнбаев

 

Ырчы Акбар Сүйүнбаев бүгүн, 15-февралда 33 жашка толду. Ырчы менен байланышканыбызда, учурда гастролдо Санкт-Петербург шаарында жүргөнүн айтты.

"Бул жакка гастролдоп келгенибизге 10 күн болду. Султан Садыралиев жана таланттуу эки инибиз менен чогуубуз. Жаңы эле мекендештерибизге ыр тартуулап, концерт бердик. Маанай жакшы, туугандар, достор куттуктап жатышат", - дейт ырчы.

Эстрада ырчысы Акбар Сүйүнбаев Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кара-Тоо айылында туулган. Аталган айылда 8-класска чейин окуп, андан соң Кочкор райондук №15-кесиптик лицейинде ветеринардык окуу жайын аяктаган. "Супер-Инфонун" версиясы боюнча "2006-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон. Ырчы алгач "Сезим" аттуу ырын ырдап жүрүп, Султан Садыралиев менен биргеликте аткарган дуэти "Махабатым" ыры менен чоң сахнага чыгып, эл оозуна алынган.

15-февралдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: