super.kg logo

Жогорку Кеңештин жыйынында 10го жакын депутат отурат. Депутат жыйынды түштөн кийин улантууну сунуштады

 

Жогорку Кеңештин жыйынында 10го жакын депутат отурат. Жыйында “Астана шаарында 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев аталган мыйзам долбоору маанилүү болгондуктан түштөн кийин кароону сунуштады. "Бул жакта 10го жакын депутат отурат. Эл өкүлдөрү өкмөттүн жазгы талаа иштерине карата даярдыктар тууралуу маалыматты түштөн кийин карайт десе чыгып кетсе керек. Бул маселе маанилүү болгондуктан депутаттар келгенден кийин карайлы", - деди Зулушев.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров бул маселе үчүнчү окууда каралып жатканын эскертип, кворум бар экенин айтты.

Вице-спикер Асел Кодуранова 100 депутат каттоодон өткөнүн билдирди.

Анда Курманкул Зулушев кайрадан каттоодон өткөрүүнү сунуштады. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев маселени кийинкиге жылдырууну колдоп, каттоодон өтүүнүн кажети жоктугун айтты. "Азыр каттоодон өтсөк эл карап турат, уят болуп калабыз", - деди Масалиев.

Мыйзам долбоорун кароону кийинкиге жылдыруу добушка коюлуп, колдоо тапкан жок. Жалпы 100 депутат каттоодон өтүп, 34 эл өкүлү "макул", 3 депутат "каршы" деп добуш беришти. Демилгечилер дагы бул маселени түштөн кийин кароону сунуштады. Жыйынтыгында мыйзам долбоору түштөн кийин каралмай болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.02.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ваще сөз жок.мен уялам .күнөө өзүбүздө ушундай эл башчыларын шайлап алган .түштөн кийн эртен бүрсүгүнү деп анан жаны жылдан кийн анан шайлоо .
15.02.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
o.aza, Депутат эмес бизда уялабыз! Кантип жогорку кызмат бош турат? ЖК эмес мектепке барбай койгон окуучуда справка алып баратко. Экинчиден биз шайлаган жокбуз буларды, шайлоо менен президентти депуттаттарды шайлоо Кыргыз тарыхында боло элек болсо керек. Кааласан каалабасанда оозу кыйшык болсода байдын уулу суйлосун!
15.02.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл жакта журушот депутаттардын баары? иш учурунда, оз убагында ордунда болуп калбаган депутаттардын эмгек акысынан кыскартыш керек. Озунун жеке кызыкчылыгы менен журсо анда ошол ишине отуп депутаттык мандатын берсин башкаларга иштейт.
16.02.2018. 07:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обедь учуру окшойт да саат 12:10 минөт өтүптүр го.же обедди 13:00дө бекен.буларды азайтыш керек аттын тезегин да чече албагандарды!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: