7 жаштагы небересин рак илдетинен айыктырган чоң эне: "Айыктырып алам деп өзүмө сөз бергем"

Калбүбү Тыналиеванын 7 жаштагы небереси рак илдети менен бир жыл ооруп жүрүп, мындан эки жыл мурун айыккан. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-февраль - Эл аралык рак илдети менен жабыркаган балдардын күнүнө карата өткөрүлгөн маалымат жыйынында айтты.
"2014-жылы 4 жаштагы неберем кусуп, башы айланып өзүн жаман сезе баштады. Аны жергиликтүү ооруканага алып барсак, борбордогу балдардын бейтапканасына көргөзгүлө дешти. Биз Бишкекке келип неберемдин рак илдети менен ооруганын билдик. Неберемди кучактап алып көп ыйладым, аягында өзүмө "айыктырып алам" деп сөз бердим. Бизге дарыгерлер, коомдук фонддор жардам беришип, бул дарттан толук айыктырып алдык. Оор күндөр артта калып, учурда неберем ата-энесинин кучагында", - дейт ал.
Ал эми "Жардам берүү оңой" коомдук фондунун директору Динара Аляеванын айтымында, бул ооруга көбүн эсе мектеп жашына чейинки балдар кабылып жатат.
кошулду


жакшы кылыптырсыздар
Тууганыбыздын уулу да рак илдетине кабылган. Озу 4 жашта, канча даарылатты, бирок 2 жарым жылдан бери жылыш жок. 3 кыздан кийинки кутуп журуп балалуу болгон уулу эле, ата-энеси ичпей-жебей кареги менен тен айланса да болбочудай ондонот.
Билишимче ак кан экен.
Уккандарым боюнча бул ак кан айыккыс дешет.
Ооба, туура айтат. Жакыныбыз да ушул ак кан рагынан дуйно салган, кээде ойлоп да кетем, бул тукум кууйбу деп. Себеби жогорудагы небереси(((