super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Индира Жолдубаеваны кабыл алды

 

Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында прокуратура органдарынын алдына коюлган коррупцияга каршы чаралар жана тапшырмалар талкууланды.

Президент башкы прокурорго прокуратура органдары жана укук коргоо же өлкөнүн башка мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлгөн негизсиз текшерүүлөр фактыларын жокко чыгаруу боюнча чара көрүү милдетин тапшырды.

"Тынымсыз текшерүүлөрдөн улам мамлекеттик органдардын жана ишкерликтин толук кандуу иштешине жол бербей, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө жолтоо кылып жатабыз. Бул жөнөкөй жарандарды кыйноого жана алардын көйгөйүнө негизделген бизнеске айланып жатат", - деп белгиледи президент.

Муну менен бирге укук коргоо жана башка органдардын мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу боюнча көзөмөлдөө ишинин жетишсиздиги белгиленди. Ошондой эле кызматтык кылмыш фактылары, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо тармагындагы кылмыштар жана коррупция боюнча кылмыш иштерин иликтөөлөрдү мыйзамсыз токтотуу же кыскартуу маселеси да талкууланды.

Президент бул багытта бардык кылмыш иштерин инвентаризациядан өткөрүү жана тиешелүү кызмат адамдарынын иш-аракеттерине юридикалык баа берүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: