АКШда көркөм гимнастика боюнча өткөн эл аралык турнирде кыргыз кызы Эдель алтын медалга ээ болду





Жакында эле көркөм гимнастика боюнча Американын Лас-Вегас шаарында болуп өткөн эл аралык турнирде кичинекей Эдель Касенова 4 медалга ээ болду. Бул тууралуу спортчунун атасы Эдил Касенов билдирди.
"Кызым кичинекей болсо да дайыма биринчи болуп келе жатат. Буга чейин 24 алтын медалы бар эле. Лас-Вегаста өткөн эл аралык турнирде 1 алтын, 1 күмүш, 2 коло медалга ээ болду. Эми Америка чемпиондугуна даярданып жатат. Буюрса, алтын алабыз деген үмүтүбүз чоң. Кыргыздын желегин кайсы жакта желбиретпейли каражат өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн жумшалат", - дейт Эдил Касенов.
Эдель Касенова көркөм гимнастика менен үч жашынан бери алектенип келет. Үч бир туугандын улуусу. Көркөм гимнастикадан сырткары фортепианодо да ойнойт, көркөм ыр айтканды жактырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
11

Комментарийлер(3)
RusMos76

15.02.2018. 16:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын оркундой бер кызым, мамлекетти кутуп олтурсак сенин арканан кууп жеткидей эмес!
ziash85

15.02.2018. 17:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын кыргызымдын ажарлуу кызы
Ysakov_Nur

15.02.2018. 17:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыз окмоту Кореядагы кышкы олимпиадага барган 76-орунду алган спортчуларга миллиондогон сомдорду чача бербестен, ушул кичинекей кызыбызга окшогон ийгилик корсотуп Кыргыз желегин желбиретип жургондорду каржыласа болмок.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.