super.kg logo

Депутат Жамангулов: "Айыл чарба министрлиги статистика комитетинин бир бөлүмүнө айланып калды"

 

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маселе каралып жатат.
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайын жана мелиорация министрлиги Улуттук статистика комитетинин бир бөлүмү эле болуп калганын айтты.

"Министрликтин бюджети 2 миллиард 700 миллион сом, анда 6 миӊден ашуун адам иштейт. Борбордук аппаратынан тышкары, өлкө аймагынын баарында бөлүмдөрү бар, алар үчүн шарттар түзүлгөн. Кызматтык автоунаалары бар. Ошого карабастан, алар өз алдынча жумуш жасабай жатат. Улуттук статистика комитетинин бир бөлүмүнүн милдетин гана аткарып, аш-тойлордон колдору бошобой калды. Мындай министрликтин бизге кандай зарылчылыгы бар?" - деди депутат.

Анда министр Нурбек Мурашев министрликтин айылдардагы кызматкерлерине унаа каралбаганын эскертти.

Премьер-министр Сапар Исаков ушул тапта өкмөт түзүмүндө өзгөрүүлөр болуп жатканын, айыл чарба тармагын реформалоонун жүрүшүндө эл өкүлдөрүнүн мындай пикирлери сөзсүз түрдө эске алына турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: