Алмазбек Атамбаев: “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдө өкмөт Кыргызстандын кызыкчылыгын биринчи орунга коюшу керек"

Бүгүн, 11-июнда президент Алмазбек Атамбаев биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди кабыл алды. Жолугушууда өлкөдө экономикалык өнүгүүнү жана кыргызстандыктардын жашоо-турмушун жакшыртууну камсыз кылуу үчүн өкмөт жүргүзүп жаткан чаралар талкууланып, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бөлүндү. Өлкө башчы стратегиянын негизги бөлүктөрүнүн бири болгон улуттук долбоорлорду жүзөгө ашыруунун маанисин баса белгиледи. Ошондой эле мамлекет башчы аталган теманын айланасындагы ар кандай чайкоочулуктун алдын алуу үчүн кен чыккан жерлерди иштетүүгө байланышкан маселелерди өз учурунда чечүүнүн зарылдыгын белгиледи. Жоомарт Оторбаев президентке “Кумтөр” алтын кенин мындан аркы иштетүү жана башкаруу маселеси боюнча канадалык “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Президент Алмазбек Атамбаев “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдө өкмөт Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшу керектигин айтты.

