super.kg logo

Нью-Йорктогу журналисттерди коргоо комитети Кыргыз өкмөтүн Элнура Алканованы айыптан бошотууга чакырды

 
Арлем Дезирдин Твиттердеги баракчасына калтырган билдирүүсү

Нью-Йорктогу журналисттерди коргоо комитети Кыргыз өкмөтүн журналист Элнура Алкановага коюлган айыптан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу журналисттер уюмунан кабарлашкан.

Мындай билдирүүдөн кийин ЕККУнун массалык маалымдоо каражаты маселелери боюнча өкүлү Арлем Дезир комментарий берди. Ал өзүнүн социалдык баракчасына "Журналисттик иликтөө - сөз эркиндигинин ядросу, андыктан ар бир журналист жасаган иши үчүн сот жообуна тартылбашы керек", - деген билдирүүсүн жазып чыккан.

Эске сала кетсек, "Бишкектеги "Идеал Хаус" VIP-шаарчасынын сатылышы боюнча чырлуу бүтүмдүн артында ким турат? II бөлүк" деген журналисттик иликтөө материалы үчүн Элнура Алкановага Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 2 берене - 193-берене (коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу) жана 194-берененин (коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу) негизинде айыптаган. Учурда иш Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
15.02.2018. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эльнурага боштондук, эмнеге бизде соз эркиндиги качан орнойт озу суйлоп дагы болбой калды го!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: