"Уулума көзүмдү берүүгө даяр элем" дейт көзү ооруган Арзыматтын апасы



Жараткан кээ бир адамдарга толук бакыт берсе, бирине оор тагдыр берип коёт тура. Ошондой оор тагдырды башынан өткөрүп жаткан Сурма Курманбекованын окуясы төмөндөгүдөй.
Анын уулу Арзыматтын көзү 6 жашында катаракта (чечекейдин тунаруусу) оорусунан улам көрүүсү начарлай баштаган. Арзыматтын тубаса талмасы да бар, эс-учугун жоготуп жыгылып калат. Уулунун көзүн дарылатууга 60 миң сом керек экенин билген ата-эне 5 баласын алып Тогуз-Торо районунун Казарман айылынан Бишкекке көчүп келишкен.
Бирок келгенден көп өтпөй Арзыматтын атасы да ооруп, саламаттыгында жаралган маселелер менен түйшөлтө баштаган. "Анын ичегисинде залалдуу шишик бар" деген аныктама менен ооруканада дарыланып келет. Бирок көптөгөн аракеттерге карабай анын абалы начарлап, бүгүн төшөктөн тура албайт.
“Уулума өз көзүмдү бергенге даяр элем, балам бир нерсени көрсөтүп “апа, бул нерсени алып берчи” десе кубанычымда чек жок болмок. Күйөөмдүн айыгып кетишин тилеп отурабыз, бизди багып, карайм деп жүрүп ооруп калды”, - дейт Арзыматтын апасы.
“Атам менен Арзымат акемдин айыгып кетишин тилейм, суранам, жардам бериңиздер”, - деп ыйлайт атасы менен агасынын абалына жаны ачыган Албина.
Учурда бул үй-бүлө Арча-Бешик жаңы конушунда батирге айына 6 миң сом төлөп жашашат. Азыр үй-бүлөнүн түйшүгү мектепти бүтүрбөй таштап коюуга мажбур болгон үйдүн улуу баласы Азаматтын моюнунда. Бирок анын тапканы үй-бүлөсүн бакканга, батирдин ижара акысын төлөп, атасынын дары-дармегине өп-чап жетет. Бул үй-бүлө өспүрүмдүн үмүтүн өчүрбөй, жарык жашоону көрүп жашашы үчүн дарылатууга кайрымдуулардан жардам күтөт.
Сурма Курманбекованын байланыш номери видеодо көрсөтүлөт.
"Балама өзүмдүн көзүмдү берүүгө даярмын" дейт эне




1 |