super.kg logo

"Саякбай" фильми Лондондо көрсөтүлдү

 

Улуу Британиянын борбору Лондондо Кыргыздын белгилүү режиссёру Эрнест Абдыжапаров тарткан "Саякбай" тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Тасма кинорежиссёрлордун эл аралык фестивалында көрсөтүлүп, ага Кыргыздын Британиядагы элчилигинин өкүлдөрү жана тасманын жаратуучу тобунун мүчөлөрү Айзада Өмүралиева менен Айгүл Кыдыралиева катышты. Иш-чара 10-февралдан 17-февралга чейин өткөрүлөт. Кинорежиссёрлордун эл аралык бул фестивалы Европадагы эң популярдуу маданий иш-чара болуп эсептелинет.

"Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу баяндалган бул тасма чет элдик кино сүйүүчүлөрдүн купулуна толо алган. Алар бул фильм аркылуу кыргыздын тарыхынан, маданиятынан түшүнүк ала алышты. Анда Чыңгыз Айтматов жөнүндө да чагылдырылган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
16.02.2018. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн жакшы. Ушинтип кыргыз искуствосу дуйнолук аренага чыгып турсунчу. Манас баатыр жонундо кино тартып дуйно элдерине коргозушсо жакшы болмок. Идеялогиялык мааниси да чон болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: