Бүгүн, 11-июнда Кыргызстан - Эстониянын футбол командалары беттешет
Бүгүн, 11-июнда Таиландда Кыргызстан менен Эстониянын футбол боюнча курама командалары достук мелдешин өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстандыктар машыктыруучу Сергей Дворянков менен 2 күн мурун эле Таилландга барышып, эстониялыктар менен бирге машыгуу оюндарын өткөрүп турган. “Аябай кыйын оюн болот. Атаандашыбыз абдан күчтүү команда, анткени аларга упай алып келе турган оюнчулар бар”,- деди Эстониянын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучусу Тармо Рюйтли.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.