Бүгүн парламентте мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүккө тиешелүү долбоорлор талкууланат
Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйындар залында "Кыргыз Республикасындагы мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүк жөнүндөгү" мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча парламенттик угуу өткөрүлөт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Иш-чара аталган мыйзамды ишке ашыруунун абалы менен өлкөдөгү мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүк келечегин талкуулоого арналган.
Жыйында экономика министри Артём Новиков мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүктү ишке ашыруу механизмдери тууралуу маалымат берсе, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө айтып берет.
Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси аталган мыйзамды ишке ашыруудагы бизнес коомчулуктун максаты жана келечеги тууралуу баяндама жасайт.

