super.kg logo

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги: "Ак калпакка улуттук символ статусун берүү замандын талабы"

 

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган "Ак калпакка маданий символ статусун берүү жөнүндө" мыйзам долбоорун колдойт. Бул тууралуу бүгүн, 16-февраль күнү SUPER.KG'ге Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Атыркүл Сегизова билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү сунуштап жаткан мыйзам долбоору мезгилдин талабы.
"Аталган мыйзам долбоору колдоого алына турган мүнөзгө ээ. Анткени калпакка маданий символ статусун берүү улуттук салттарды колдоого жана кыргыз элинин патриоттук сезимдерин, өзгөчө жаш муундун өкүлдөрүнө оң таасирин тийгизет деп эсептейбиз. Учурда министрлик да бул мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Жыйынтыгы чыга элек, бирок колдоого татыктуу мыйзам долбоору экенин билдиргибиз келет", - деди башкы адис.
Айта кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев ("Республика-Ата-Журт") кыргыз калпагын мамлекеттик символдордун катарына киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаганы кабарланган. Эл өкүлдөрүнүн мындай демилгеси Бишкек шаарында өткөн жылдын декабрь айында жаныбарлардын катышуусунда болуп өткөн майрамдык иш-чарага байланыштуу көтөрүлгөн. Анда Кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпакты итке кийгизип койгону көпчүлүк жарандардын нааразычылыгын жараткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: