super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу Инстаграмга алаксып кетип, башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады

 

Бишкекте коомдук транспорттун айдоочусу унаа айдап баратып телефонун чукулап, Инстаграмды карап отурат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.

"14-февраль күнү 220-маршруттук таксиден өтө жаман көрүнүшкө туш болдум. Төмөндөгү видеодогу айдоочу телефонун чукулап баратат. Аз жерден бир Мерседести сүзүп ала жаздады. Салонунда жыкжыйма жүргүнчүлөр барбыз. Ошончо адамдын убал-сообун ойлошпойбу булар?! Бирөөнүн кызын, бирөөнүн жубайын, бирөөнүн эжесин, сиңдисин өлтүрүп, күнөөсүз наристени өмүр бою майып кылган жанагы башка айдоочу дагы ушинтип телефонун чукулап же сүйлөшүп бараткандыр. Бишкек мэриясы маршруттук таксилердин айдоочуларын тыкыр текшерип, катуу көзөмөлгө албаса, мындай кырсыктар жакын арада токтобойт", - дейт окурман.

Айта кетсек, буга чейин 9-февраль күнү Бишкекте маршруттук такси башка унаа менен сүзүшкөн. Андан соң башкаруусун жоготкон коомдук транспорт жолдон 1 жаш 8 айлык баласын көтөрүп бараткан 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп, 1 жаш 8 айлык кызы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Маршрутканын айдоочусу Инстаграмды чукулап айдап баратат (сөгүнгөн сөздөр бар)

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
16.02.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
давай каттуу чара коргулу
16.02.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
aerforce,олгон олду тироолордун шору да. Ал байкуш деле атайын кылган жок кырсык
16.02.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Буга окшогон тартиби жок айдочуну жок кылыш керек айдочулук куболукток омур бою ажыратыш керек ушуга окшогондордун айынын канча адам коз жумду канча адам майып болду
16.02.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эн негизгиси аялына кармалды
16.02.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бир нерседен кур калгансып шааашып айдашат жол кырсыгы да маршруттук таксилерден коп болуп жатат эми тай тай басып ал жака бул жакка жугуруп басып калган наристени майып кылды ээххх
16.02.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми ушул кантип болсун макул сузуп кетейин деди бирок ичинде улуу кишилер да болсо керек согунгону кантет,водитель болуп козун ушунча май басыптыр чонураак жерде иштесе кууратат го баарын согуп
16.02.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Биягы дан дан болуптурго
16.02.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Машинасынын номурун жазып койсон болмок.
16.02.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мындай корунуштор толтура.Маршруткалар жол эрежесин сакташпайт.Телефон менен суйлошуп деле айдап кете беришет.айтсан жаман корушот.Ушуларга катуу чара коргулочу байболгурлар!
16.02.2018. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Маршруткалардан Бишкекти тазаласа болот. Нормальный автобустарды, троллейбустарды жургузуп коюу ото оор деле маселе эмес. Буга мэриянын кээ бир чиновниктери кызыкдар эмес. анктени ар бир маршрутка кунуно официальний эмес мин сомго жакын акча толошот. Бишкекте 5 мин маршрутка болсо, эсептей бергиле бир кундо канча тушот. 5 миллион сом экен. Беш миллиону болбосо дагы бир кундо миллион сом тушсо да оной эмес да. Ошол акчадан айрылгысы келбей, массалык турдо автобустар, троллейбустар келбей атат
ern_balykchy түзөттү 2018-02-16 12:01:21
16.02.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Оо,бул ото олуттуу маселе да!Чара корулбосо болбойт.Кудай сактасын боодо кырсыктан.Мен деле за рулем окуп-жазып атамын азыр,чынын айтайын.
16.02.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
маршруткаларды жок кылыш керек
16.02.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз эти пейилди ондойлу..бирнерсе болсо эле чондор..чондорго асылбай озубуз ар бирибиз жашоонун мыйзамында жашайлы..ал эми чондор ар бири оз жазаларын алышат оз убагы келгенде.
16.02.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз эли
16.02.2018. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуларды ото козомолго алып, эреже бузганын айдоочулук укуктан ажыратып, айып салуу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: