super.kg logo
  Спорт  

Кышкы Олимпиада оюндары: Супергигант боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

 

Бүгүн, 16-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 12 түрү боюнча мелдеш өтүп, анын 6 түрүндө медалдар ойнотулууда. Азыркы тапта тоо лыжа спортуна кирген супергигант боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Супергигант боюнча мелдеште жалпы 62 спортчу катышып, медалдар үчүн күч сынашты. Анда австриялык Маттиас Майер 1 мүнөт 24.44 секунд жыйынтыгын көрсөтүп алтын медалды тагынды.

Тоо лыжа спортуна кирген жогорку ылдамдыкта түшүү мелдешинде коло медалынын ээси швейцариялык Беат Фойц бул ирет күмүш медалын жеңип алды, ал 1 мүнөт 24.57 секунд жыйынтыгын көрсөттү.

Ал эми жогорку ылдамдыкта түшүү мелдешинде күмүш медалынын ээси норвегиялык спортчу Хьетиль Янсруд бул ирет коло медаль тагынып калды. Анын көрсөткүчү 1 мүнөт 24.62 секунд болду.

Азыр жалпы командалык эсепте Германия курама командасы 9 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль менен алдыда келе жатат. 2-орунда Норвегия курама командасы (6 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медаль), 3-орунда 5 алтын, 5 күмүш жана 2 коло медалдын ээси Голландия курама командасы жайгашууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: