"Мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүк долбоорлору акырындык менен ишке ашып жатат" дейт Новиков
Экономика министри Артём Новиков мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүк долбоорлору акырындык менен ишке ашып жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда "Кыргыз Республикасындагы мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүк жөнүндөгү" мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча парламенттик угууда билдирди.
“Долбоорлор акырындык менен ишке ашып жатат. Анткени мамлекеттик органдар мүмкүнчүлүктү билбейт же өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар эмес. мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүк жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Анда мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүк долбоорлорун инвесторлорго демилгелегенге уруксат берилет. Ошондой эле долбоорду мамлекеттик органдарга сунуштаганга болот. Мамлекеттик органдар 30 күн аралыгында жооп бериши керек. Алар долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемелерин даярдап, сынак жарыялап, сүйлөшүүнү улантып же баш тартуусу керек”, - дейт министр.
Учурда Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасындагы мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүк жөнүндөгү" мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Иш-чарага вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

