super.kg logo

Жол кырсыгынан апасынан айрылып, бир буту кесилген наристенин атасы: "WhatsApp аркылуу кызыма жардам берүүгө чакырган билдирүүлөрдө менин телефон номерим көрсөтүлгөн"

 

Жол кырсыгынан апасы каза болуп, өзү бир бутунан ажыраган 1 жаш 8 айлык кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда атасы Жыргалбек Чотонов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, наристени учурда чоң энеси карап жатат.

"Мен кызымдын жанында чыдап отура албай жатам, ага байланыштуу учурда чоң энеси карап жатат. Ден соолугу азыр туруктуу эле, ооруканадан качан чыгары азырынча белгисиз. Анын абалын сурап ооруканага келгендер көп. Учурда көпчүлүк өздөрүнүн демилгеси менен кызыма протез салдыруу үчүн акча чогултуп жатышат. WhatsApp аркылуу кызыма каражат жагынан жардам берүүгө чакырган билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн телефон номер меники", - дейт Жыргалбек Чотонов.

Айта кетсек, 9-февралда Бишкек шаарынын Элебесов жана Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде 1 жаш 8 айлык кызын көтөрүп жол жээгинде турган келинди унаа сүзүп кеткен. Ал өзү алган жаракатынан улам ооруканада каза болсо, кызынын жамбаш сөөгү жанчылып калгандыктан дарыгерлер анын бутун кесип салууга мажбур болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
16.02.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Номерин жазып койбойсуздарбы, биз да колдон келген жардамыбызды берели
16.02.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
0771817615 Жыргал Чотонов
16.02.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mikaumar86, Жыргалбек Чотонов, аты жөнү толук жазылбаса которгон акчаны банк бербей кыйнайт
16.02.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mikaumar86, бул номерди жалган деп атышатко
16.02.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба ватсаптан келип атат
16.02.2018. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Счет ачса элдер 50-100 сомдон болсо да жардам берсек бир топ эле чогулуп калса керек коп элдер берет беле деп ойлойм да 100 сом берет элем деп больницага кобу барбайт да кобуроок берейин десе колдон келбей жатса
16.02.2018. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Телефонуна единица салып койгула, банктан акчасын алып алат. Азыр электрондук капчык кызматы иштейтда.
16.02.2018. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо телефон номерине которобуз да ээ
17.02.2018. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутун кеспей сактап калганда бечера кыздын. Канча акча кетсе да эл ичинен чогултуп бермекбиз.
17.02.2018. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул номер жалган жөнөтбө деп ватсаптан келип жатат го.Видеого өзүңдү тартып сүйлөп жөнөтсөң жакшы болоор беле.
17.02.2018. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайлар келип жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: