super.kg logo

Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту 20-февралда уланат

 

Бүгүн, 16-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып, анын жүрүшүндө күбөлөр суралды. Үч күбө суракка алынгандан кийин сот мурда белгиленген мөөнөттөргө ылайык, 20-февралда уланта турган болду.

Бүгүнкү отурумда күбөлөрдү суракка алуу аягына чыгып, кийинки отурумда айыпталуучулар Алмамбет Шыкмаматов, Жусуп Иманалиев, Али Юксел суракка алына турган болду.

Белгилей кетсек, 19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.

Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Соттун мындай чечимине макул эместигин билдирип Шыкмаматов Бишкек шаардык сотуна кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
16.02.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашанын соту качан болот?Ошонун соту эртереек болсо чыгарсанар жакшы коментарилерди жазып конулубузду которот белек деймда.Бизде Адилеттуу таза соттор иштей башташты Азаматсынар деп!Ашага наалат деп кыйкырыктар чыкмак!
Azatbek83 түзөттү 2018-02-16 15:44:07
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: