ӨКМ: "Өлкөдө 2017-жылы өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында 141 адам каза болгон"
Өлкөдө 2017-жылы өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында 141 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов жылды жыйынтыктоочу коллегиясында билдирди.
Маалым болгондой, 2017-жылы Кыргыз өлкөсүндө жалпы 339 өзгөчө кырдаал катталып, алардын натыйжасында 141 адам каза болуп, материалдык чыгым 1 миллиард 27 миллион сомду түзгөн.
"2017-жылы өзгөчө кырдаалдардын саны өсүшүнө 2016-2017-жылы күз-кыш мезгилинде жааган жаан-чачын себеп болгон. Өзгөчө кырдаалдардын ичинен кар көчкү 107 жолу катталса, жер көчкү 67, сел 46 жана катуу шамал 17 жолу катталган", - деди Ахматов.
Ошондой эле коллегияда Кыргыз өлкөсүндө 18 көл жээктен чыгып кетүү коркунучунда тургандыгы маалымдалып, алардын ичинен 5 көл коркунуч туудурган биринчи категорияга кирсе, 13 көл экинчи категорияга киргендиги айтылды.

