"Өлкөдө жүрөк оорусунан улам күнүнө 50 адам каза болот" дейт министр Талантбек Батыралиев
Өлкөдө жүрөк оорусунан улам күнүнө 50дөй адам каза болот. Бул боюнча бүгүн, 16-февралда саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Учурда саламаттыкты сактоо тармагында мамлекет менен жеке менчиктин ортосунда 4 долбоор бар. Алардын бири өлкөдө ангиография борборлорун ачууга багытталган. Дүйнөлүк стандарт боюнча 300 миң адамга 1 аппарат туура келет. Бирок бизде 2015-жылдан бери 4 гана аппарат коюлду. Мындан улам өлкөдө бир күндө жүрөк оорусунан 50 адам каза болот. Бул бир жылда 18 миң адам көз жумат деген сөз. Эгерде биздеги ангиография борборлорунун санын дүйнөлүк стандартка жакындаштырсак, бейтаптардын санын 90 пайызга кыскартмакпыз", - дейт министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
barakcha

16.02.2018. 15:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кой,андай аппарат алып элибизди олумдон сактагыбыз келбейт.Андан коро кочмондор оюнуна миллиондогон акчаны чачып оромпой тепкенибиз он.
Begaiko

16.02.2018. 21:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оох жүрөөөгүм, эмне деген шумдук күнүгө 50 адам!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.