super.kg logo

Нарында таштанды ташталган жайдан бишкектик адамдын жансыз денеси табылды

 

Нарын шаарындагы таштанды ташталган жайдан бишкектик адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-февраль күнү саат 17:30дар чамасында таштанды төгүлгөн жердин чет жагынан жуурканга оролгон азиат түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Маркумга кароо жүргүзгөн учурда ал киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

"Бул факт боюнча 97-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, каза болгон жаран Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунун 43 жаштагы Э.Ү. аттуу тургуну экени аныкталган. Көп өтпөй эле кылмыштын бети ачылып, шектүү катары Нарын районунун 32 жаштагы И.М. аттуу тургуну кармалды. Ал каза болгон адамдын жансыз денесин жашыруу максатында таштанды ташталган жайга алып барып таштап салган. Учурда шектүү Нарын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында кармалып турат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.02.2018. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар бири - бирибизди кырып бутмой болдук го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: