III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталат
III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында башталат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышы 2018-жылдын 2-сентябрында кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде орун алат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында улуттук оюндардын 36 түрүнөн мелдештер өтөт. Бул мелдештерге 80 мамлекеттен келген 3 миңден ашуун спортчу катышат. Андан сырткары 50 мамлекеттен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келе турганы күтүлүүдө.
Оюнду өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 307 миллион сомдон ашык каражат жумшалат. Анын ичинен иш-чараны даярдоо үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 175 миллион, ал эми Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 132 миллион 200 миң сом каражат берилет.
Эскерте кетсек, өкмөт башчы Сапар Исаков 15-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 2018-жылы өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу иштерин уюштурууга расмий түрдө старт берген.












1 |