Жогорку Кеңештин төрөгасы Дастанбек Жумабеков мушкер Валентина Шевченкону кол саат менен сыйлады
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков спорттун эрежесиз мушташ багытына кошкон салымы үчүн Валентина Шевченкону атайын саат менен сыйлады. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, спортчу күчөтүлгөн тартипте машыгуудан өтүп жаткандыгына байланыштуу келе албагандыктан сыйлыкты тайбокс, бокс жана дзюдо боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Валентина Шевченконун апасы Елена Шевченко алган.
Валентина Шевченко 29 жашта, учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргыз мамлекетинин желектерин көтөрүп чыгат.
Эскерте кетсек, Валентина Шевченко Бразилиянын Белем шаарында өткөн мелдеште Присцилла Качоейраны жеңип алган соң UFC'нин жаңыланган рейтингинде дароо эле 57 килограмм салмак ченинде 1-орунга көтөрүлгөн.






1 |