super.kg logo

Депутат Бишкек ЖЭБине жумшалган 386 миллион доллар боюнча бардык документтерди УКМК алып кеткенин айтты

 

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңешт ЖЭБдеги авария боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

Анда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев Бишкек ЖЭБине жумшалган 386 миллион доллар боюнча бардык документтерди УКМК алып кеткенин айтты. Эл өкүлү мындан улам депутаттык комиссия жетиштүү териштирүү иштерин жүргүзө албай калганын белгиледи.

"УКМК 386 миллион долларга курулган ЖЭБге байланыштуу документтердин баарын алып кетиптир.УКМК бул документтерди тергөөнүн сырдуулугуна байлап, бербей коё турганын билебиз. Депутаттык комиссия ЖЭБдеги авариядан тышкары, 386 миллион доллардын жумшалышы боюнча да карашыбыз керек. Бул биздин иликтөөгө тоскоолдук жаратат. Ошондуктан депутаттык комиссия ошол документтердин баарысынын көчүрмөсүн алышыбыз керек. Жогорку Кеңеш бийликтин жогорку бир бутагы”, - деди Масалиев.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев;

КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;

"Бир Бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;

"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
16.02.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы от маска башталдыбы...Кутулуп кетет экенсинерде Эми дагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: