Бакай Банктан "Балдар" депозити: балаңыздын келечегине кам көрүңүз
Балаңыздын келечегине бүгүндөн баштап кам көрүңүз. Бакай Банк балдар аманатын сунуштайт. Аны менен акчаңызды сактап да, көбөйтө да аласыз. Балдар аманатынын башкалардан айырмачылыгы - акчаны ата-эне таап банкка салат, ал эми депозит жашы жете элек баланын атына ачылат. Топтолгон акча каражаттарды окууга акы төлөө үчүн гана эмес, ири сатып алуулар жана баланын керектиги үчүн пайдаланса болот. Аманаттардын түрлөрү бар, бирок алардан акчаны мөөнөтүнөн мурун алуу жана башка максатта колдонуу азгырыгы пайда болот.
Бакай Банктан "Балдар" депозити - бул ишенимдүү инструмент жана сиздин балаңыздын келечеги үчүн каржылык пайдубалды түзүүгө жардам берет. Балаңыз үчүн аманатты 5000 сомдон 100 АКШ долларына чейинки сумма менен ачса болот жана каалаган убакта 1000 сомдон 20 АКШ долларына чейин сумма менен толтуруп туруу мүмкүн.
Бакай Банктын балдар аманатынын өзгөчө артыкчылыктары:
- Аманат "Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө" мыйзамга ылайык камсыздандырылат (7-май, 2008-жыл, №78),
- Эң жогорку пайыздык коюмдар,
- Пайызды пайызга жыл сайын кошуу,
- Visa Electron же Элкарт картаны акысыз чыгаруу,
- Кошумча суммаларды салуу мүмкүнчүлүгү (депозитти толтуруп турса болот),
- бала 14 жашка чыккан соң акча каражатты өз алдынча ала алат,
- Депозит өзүңүзгө ыңгайлуу валютада ачылат: сом, АКШ доллар, тенге, рубль, кытай юань,
- Мындан тышкары сиз VISA Electron же Элкарт дебеттик картаны ачып жаткан аманаттын валютасында акысыз аласыз. Аны сиз акча каражатты сактоо, алуу, сатып алуу жана аманаттан пайыздарды которууга пайдалана аласыз.
Кененирээк маалымат алуу үчүн консультанттар менен контакт-борборунун 6111 жана 0(312) 61-00-61 телефон номурлары аркылуу байланышыңыз же банктын кеңселеринен маалыматты алыңыз.
***
БАКАЙ БАНК 19 жылдан ашуун Кыргызстандын жарандарына кенен каржылык кызматтарды көрсөтүп келет. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында банктын 70тен ашуун филиалдары жана аманат кассалары тез жана ыңгайлуу тейлөө көрсөтөт.
кошулду









1 |